www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз ССР мезгилинен бери мектептерде эмне өзгөрдү, мектеп программасы дээрлик советтик программа боюнча, ал кезде райкомдор мектеп директорун көздөшсө, эми акимдер көздөйт. Министр Бейшеналиевдин бейшеби агабы же «граф» директорлорду ротация кылам дегендери талаага кетти. Эми мектеп директорлорун акимдер дайындап жатат, мындай кадам билим берүү системасына өтө чоң коркунуч жаратат. Акимдердин билим берүү системасына кийлигишүүсүн парламент туура эмес деп сындады. Азыр мектеп директорлору, Райондук билим берүү башкармалыгы акимдерге карап калды. Директорду аким дайындап жатат. Акимдин чарбачылык жана аймакты өнүктүрүү менен алектенүүдө жумушу жетиштүү деп ойлойм. Мугалимдер билим берүүчү эмес, отчет берүүчү болуп калбайбы, коробка ташыгычка айланып калбайбы деген солдойгон собол жаралат. Билим берүүнү акимдерге эмнеге берип жатабыз? Эгер мындай болсо, эртеңки келечектен үмүт үзүш керектигин депутат «самый ходжа»  Самыйкожо саймедиреди. Мындан сырткары, ал билим берүү жана илим министрин беш жылга кызматта отура тургандай кылып шайлоону сунуштады. Андан кийин гана жыйынтык күтүү керектигин белгиледи.

Жапаровдун кол алдында биринчи жолу министр болгондо жакшы саамалыктарды чыгарып Алмаз Бейшеналиев мугалимдердин батасына татыктуу болгон. Анын жакшы идеяларын социалдык жакты тейлеген ал кездеги вице-премьер Жылдыз Бакашова көрө албай, бийликке жамандап жүрүп министрден айдаткан. Бейшеналиев Европада адашып жүрүп мурунку айткандарын барын унутканбы, азыр койондой жоошуп, үн катпай калды. Ал алгач министр болгондо өздөрүн «граф», «уделдик князь» сезип калышкан мектеп директорлорун ротация аркылуу алмаштырууну көздөгөн. Мектеп директорлору Акаевдин заманында Майрам Акаеванын «Мээрим» фондун мактап жүрүп байлыкка жеткендер. Арасында Масалиевдин убагындагылар да бар эле алар жыл өткөн сайын азайып баратат. Акаевден бери беш президент алмашты, бирок мектеп директорлору бир мектепти өздөрү каалаганында чоюшуп «көмүскө бизнесмендерге» айланышкан. Башкасын койолу билим жана илим министрин, губернаторлорду «чемирчке чаккандай» көрүшпөйт. Купешов сыяктуу көпөс министрлерге бирдемесин тиштете коюшуп ишин ийгиликтүү улантып келатышат.

Ал эми Бейшеналиевдин тазалыгы кандай? Ушул жерден ишенимдүү өздүк булагыбыз айткан кепке токтололу. Өткөндө Түштүк тараптан бир чоң атка минер кол куушуруп, ийилип министрдин кабинетине келип, машакаттана сүйлөшүп отурат. Аягында 300 доллар сунса, түз иштегиси келген министр Алмаз Бейшеналиев параны албай койот. Тиги кургур берип көнгөнбү, айтор, жагдайды байкап кагаздардын арасына байкатпай кыстарып, баса бериптир. Билгизбей. Ал кеткенден кийин жашырылган акчаны Алмаз мырза көрүп калып, аябай бушайман жеп, түнү менен уктабай чыгат. Өзүн жаман сезип. Алмаз Бейшеналиев параны көргөн сайын чоочуй берет да, кантип ээсине жеткизем деп мээси катат. Эртеси таң атпай Ошко учкан биринчи рейстеги самолётко 300 долларды салып жиберип, бежендей келген жетекчиге капа болгонун айтып, катуу эскертүү берет. Шагын сындырыптыр. Албетте, ушул көрүнүш баарына үлгү болушу абзел. Эми да пара сунуштап, бузганга аракет кыла турган чиновник, кошоматчылар четтен чыгышса керек. Бул маалыматты окугандан соң тыйылып калышабы, же? Андан көрө параны коопсуздук органдарына алып барса туура болмок экен. Демек министр Алмаз Бейшеналиев өздөрүн «граф», «уделдик князь» сезип калышкан мектеп директорлорунан пара албайт.

Билим берүү жана илим министри Болот Купешов иштей албай, ден соолугуна шылтап, жумуштан кеткен. Ордуна экинчи ирет Алмаз Бейшеналиев дайындалды. Кудайдын буйругу экен. Эми тажрыйбасын, уюштургуч жагын көрсөтүшү керек. Алмазбек Бейшеналиев эмне үчүн министрлик кызматтан кетип, кайра кайтып келгенин парламенттен айткан. Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев эмне үчүн кайра министрлик кызматка кайтып келгенин билдирген.Анын айтымында, ал Билим берүү министри кызматынан президент Садыр Жапаров аны элчи кылып дайындаган үчүн министрлик кызматтан кеткен.Чындыгына вице-премьердин да тиешеси бар.

Татырактап келип Купешовдун ордуна Бейшеналиевдин министр болушу эмнени түшүндүрөт? Мугалимдин айлыгын көтөргөндү ойлошпой, сөктүрүп коюп акактап туруп берген министр Купешовдун ордуна кайрадан мурунку министр Алмазбек Бейшеналиев келди. Баш катырма, айланма болду, бир күнү министр болот, аны көчүккө тээп кууп чыкса деле, бир жылдан соң кайрадан министр болот. Гүленчи Алмазбек Бейшеналиевдин министрден кеткенинин себеби Гүленге байланыштуу болсо керек. Түркия президенти Эрдоган Гүленчилерди жек көрчү, акыры Орхан Инандыны каматып тынды. Алмазбек Бейшеналиев утурумдуу көздөн далдоо болуп турду окшойт. Министр Купешовдуку болсо башка кеп. Бизге келип түшкөн маалыматтарга ылайык, ордунан бошогон Билим берүү министри Болот Купешевге кылмыш иши козголгон.

Купешев Ак-Суу районунун акими болуп турганда, кызматтык абалынан пайдаланып, өзүнүн орун басарына «Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси» деген наамды мыйзамсыз ыйгарып койгон. Бул наам үчүн мамлекеттен кошумча акча берилип турган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен Купешевдин күнөөсү тастыкталган. Бирок Алмазбек Атамбаевдин «любимчигине» айланган Купешов соттолбой калган. Соттун чечими менен кылмыш иши кыскартылган. Белгилей кетсек, азыркы учурда Купешев өзүнүн тегерегине мурда кылмыш ишине тартылган адамдарды кеңешчи кылып дайындап алган.

Купешов министр болгону Кыргызстанда жогорку билим тууралуу дипломдун баркы кетип, билим берүү качан эле бизнеске айланып, ар бир коммерсант, базаркомдун экиден, ал эми өзүнүн атын да ката жазган депутаттардын үчтөн дипломдору бар экени бештен белгилүү эмеспи. Акыркы маалыматтарга караганда, “6 миллион 500 миң эл жапырт диплом алсын” деп Кыргызстанда 76 ЖОЖ иштеп жаткан кези. Алардын ичинен 33ү мамлекеттик жогорку окуу жайы, калган 43 ЖОЖ жеке менчик. Булардан “терең” билим алып жаткан 219 миң студенттин 12 пайызы бюджетте окушса, 88 пайызы контракттык негизде билим алышууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости