www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын ракеталык "Москва" крейсеринде чыккан өрттөн аскердик курал-жарак жарылып, кеме сүйрөө учурунда чөгүп кетти. Бул тууралуу РФтин Коргоо министрлигине таянып РИА Новости кабарлады.

"Крейсерде өрт чыгып, мындан улам аскердик курал-жарак жарылган. Кийин жабыркаган кемени сүйрөө учурунда катуу шамал, толкун болуп, крейсер чөгүп кеткен", — деп айтылат маалыматта.

14-апрелге караган түнү РФтин Коргоо министрлиги "Москва" крейсеринде өрт чыгып, андан курал-жарактар жарылганын маалымдаган. Экипаж толугу менен эвакуацияланган. Кемеде өрт чыккан менен негизги ракеталык курал жабыркаган эмес.

Ракеталык "Москва" крейсери Кара деңиз флотунун флагманы болуп эсептелет. Ал Николаеводогу заводдо курулуп, ишке 1982-жылы берилген. Башында "Слава" деп аталчу.

 Булак:NazarNews.kg 

Последние новости