www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү тармагындагы ызы-чуу

Өткөн жылы метеп окуучуларына керектүү китептерди чыгара коюбуз дегенинен бюджеттен 32 миллион сом акча каралган. Караган акчаны алган билим берүү тармагы очойгон акча коротуп,  чыгарган китептерден ката кетип калып, элдин эмес, мектеп окуучулардын алдында катуу уят болушту. Я, айланайын, анан кантип окуучуларды, студенттерди күнөөлөйбүз, “сабатсызсыңар” деп. 

Ал жакта билим очогун башкарып жаткандар ката кетирип жатышса. Андан дагы бул кемчилик үчүн “бир топ кишини кызматтан алдык” деп айткандары суу кечпеген шылтоо экенин ким билбейт. Билим берүү министрлигинен ката кетип жатса, анда акчанын күчү мене келген депутаттарды күнөөлөп эмне кылабыз-дейм да.

Баягы эле көрүнүш кайра кайталанып, биздин келечегибиз болгон окуучулар ката жазылган китептер менен анан эскилиги жеткен, азыркы заманга жооп бербеген китептерди колдонуп билим алып жатканы албетте өкүнүч санаасын артып жатканы бул дагы өлкөнү артка тарткандын бир белгиси.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости