www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматка ылайык, 21-январда, 2020-жылы Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен "Билимдүү жаштар экстремизмге каршы" аталыштагы Форум өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган форум Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин жыйындар залында болуп, форумга Нарын ОИИБнын башчысы милициянын полковниги У.Аалиев, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алымкулов Эмил Абдыраимович , мамлекеттик жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустагы укук коргоо органдарынын жетекчилери, Жогорку окуу жайлардын ректорлору, атайын орто окуу жайлардын, кесиптик билим берүү мекемелеринин башчылары, саламаттыкты сактоо кызматынын өкүлдөрү, аксакалдар кеңеши, аялдар кеңешинин төрайымдары, жаштар уюму, укук коргоочу бей өкмөт уюмдарынын жетекчилери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана башка тиешелүү жетекчилер катышты.

Иш-чаранын максаты -жаштар арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын  тиешелүү мамлекеттик органдардын ортосунда иш-аракеттерди күчөтүү менен бирге натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, форумда эки маселе каралды:

1.Жаштар арасында диний экстремизмдин, радикалдашуунун алдын алуу.Мамлекеттик органдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомдук бирикмелердин экстремизмдин, радикалдашуунун алдын алуудагы кызматташтыгы.

2.Уй-булолук зомбулук, жашы жете электерге, аялдарга жана калктын аялуу катмарына карата жазалган зордук-зомбулуктардын алдын алуу.

Форумдун жүрүшүндө Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат берилди.Аталган бөлүм экстремизмдин алдын алуу, экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды эскертүү, алдын алуу, бөгөт коюу, бетин ачуу, ашкерелөө, экстремизмге өбөлгө түзүү шарттарды жана жагдайларды жоюу, калктын радикалдашуусунун алдын алуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.

Форум кызуу талкуу менен уланып Нарын облустук казыяты менен биргелешип даярдалган чакан спектакль көрсөтүлдү.

Бул Форум укук бузууларды, анын ичинде экстремизмди, терроризмди алдын алуу багытында ой пикирлерлерди, алдыңкы тажрыйбаларды жана практикаларды алмашуу үчүн платформа катары жетекчиликке алынды.Форумдун катышуучулары тарабынан укук бузууларды жана экстремизм менен терроризмди алдын алуу боюнча мыйзам чегинде иштерди күчөтүү  ошондой эле диний экстремизм жана терроризмди алдын алуу боюнча коомчулук арасында терс көйгөйлөрду ортого салып, бирдиктүү макулдашылган мамилелерди иштеп чыгуу менен ар кандай деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп туруу зарыл экендиги айтылды. 

Жогорудагылардын негизинде резолюция кабыл алынып тиешелүү кызматкерлерге милдеттер белгиленди.

Жыйынтыгында Нарын шаарындагы "Билимдүү жаштар экстремизмге каршы" аталыштагы облустук Форумду өткөрүүдө кошкон салымдары үчүн келген коноктор Нарын ОИИБнын башчысы милициянын полковниги У.Аалиев тарабынан ардак грамота жана алкыш баракчалары тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости