www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бир дүйнө – Кыргызстан 2023» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык XVII фестивалы

«Бардык адамдар үчүн – кадыр-барк, эркиндик жана адилеттүүлүк!»

2023-жылы 27-ноябрдан 1-декабрга чейин «Бир дүйнө – Кыргызстан 2023» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык XVII фестивалы өткөрүлөт. Фестиваль «Искусство аркылуу адам укугу» – «Human Rights trough Art» – деген жаңы форматта жергиликтүү жана эл аралык эксперттер менен документалисттерге адам укуктары боюнча даректүү чындыкты талкуулоо үчүн кенен аянтча түзүп берет.

Бириккен улуттардын Адам укуктарын коргоочуларды коргоо боюнча декларациясынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына жана БУУнун Адам укуктары боюнча жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгына утурлай бул фестиваль адам укуктарынын универсалдуулугу жана бөлүнбөстүгү боюнча билимди тереңдетүүгө, ошондой эле, адам эркиндигин жана укугун коргоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, гендердик теңчилик, инклюзивдүүлүк жана басмырлоого жол бербөөгө багытталган эл аралык кампанияга кошулат.

 

Кыргыз Республикасынын демилгеси менен «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы» деп 2023-2027-жылдарды жарыялаган Бириккен улуттардын Жалпы ассамблеясынын резолюциясын колдоонун алкагында «Бир дүйнө – Кыргызстан 2023» фестивалы тоолуу өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо механизмдерин талкуулоо, климат өзгөрүүсүнүн терс кесепеттерине каршы күрөшүү стратегиясын иштеп чыгуу, биологиялык көп түрдүүлүктү сактоо жана тоолуу аймактарда табият кырсыктары тууралуу алдын ала эскертүү боюнча иш-чараларды өткөрөт.

«Бир дүйнө – Кыргызстан 2023» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык XVII фестивалы бул демилгелерди колдоо алкагында даректүү тасмаларды көрсөтүүдөн сырткары, талкуу лабораторияларын, тоолуу өлкөлөрдөгү адам укуктарынын корголушу боюнча абалды талкуулоо жана алдыдагы биргелешкен адвокациялык ишмердик үчүн практикалык сунуштарды иштеп чыгуу боюнча тегерек столдор жана семинарлар сыяктуу  кошумча иш-чараларды өткөрүүгө даярданууда.

Фестивалдын конкурстук программасында эркиндик, адамдын кадыр-баркын, адилеттүүлүктү жана чечим кабыл алуу иштерине жарандардын бирдей катышуусун жактаган даректүү тасмалар тандап алынды. Конкурстук программада адам укуктары боюнча 25 даректүү тасма, алар ичинде 11 чет өлкөлүк жана 14 улуттук фильм катышат.

Фестиваль укук коргоочулардын тобу, дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүндөгү аялзат өкүлдөрү, экологиялык өнөктөштөр, ошондой эле, балдар менен жаштарды тартуу менен бирге өнөктөштүк байланышта өткөрүлөт. «Бир дүйнө – Кыргызстан 2023» кинофестивалы коммерциялык же саясий эмес акция. Фестивалдагы кино көрсөтүүлөргө жана чыгармачыл жолугуушуларга кирүү акысыз. Кинофестиваль каржылык же техникалык көмөк алууга ачык.

Фестивалга катышуу арыздарын жана сунуштарды төмөнкү электрондук дарекке жиберсе болот: [email protected] жана [email protected] – «Бир дүйнө – Кыргызстан 2023» фестивалынын уюштуруу комитети. Лира Асылбек – 0551089099, Накинай Айдакеева – 0500626221.

Демократия, эркиндик жана адам укуктары үчүн биргебиз!

Последние новости