www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва жана Сокулук районунда «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Москва РИИБине Чүй облосунун аймагында радикалдуу диний агымын мүчөлөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун пикирлерине чакыруу жөнүндөгү ар кандай диний маныздагы материалдар таратылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факт Москва РИИБине катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 332-беренесинде көрсөтүлгөн (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

19-сентябрда Чүй облусунун Москва жана Сокулук районунда жашаган, тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү Б.У., К.У., Т.Г. жана С.Б. аттуу жарандар аныкталган.

Ошол эле күнү шектүүлөрдүн үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп 73 даана китеп, 12 даана уюулдук телефон, 11 даана кол жазма менен жазылган дептерлер, 1 компьютер процессору, 3 флешкарта, 71 даана банктын акча которулгандыгы тууралуу квитанциялары табылып алынып, тергөө кызматы тарабынан тийиштүү соттук-теологиялык экспертиза дайындалган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган материалдар экстремисттик экендиги аныкталган.

Шектүү 1981-жылы туулган Б.У., Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-бересине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости