www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Президент укук коргоо органдарындагы шалаакылыктарды, көпчүлүк учурларда тергөө органдары тарабынан кылмыштуу жагдайда адам тагдырын талкалаган окуялардын көбөйүп кеткенин айткан. Ошондой тагдырдын бири алдыбызга келип, укук коргоо органдарынын мыйзамсыз, шалаакы иш-аракеттеринин айынан жолдошу жазыксыз абакта отурганын баяндап берди. Үмүттүн оту Президентке гана байланып турганын айтат.
- Жолдошуңуз эмне үчүн соттолуп кетти эле?
- 2012-жылы 12-апрель күнү Адинай аттуу алты жашар бала киши колдуу болуп каза болгон. Бирөөлөр аны тумчуктуруп өлтүрүп, анан денесин БЧКга салып жиберишкен. Ага шектүү катары алгач Кундуз аттуу аялды кармашкан. Кундуз балдарды уурдап, ЦУМ жакта аларды алдына кармап отуруп тилемчилик кылчу экен. Алгач аны баланы өлтүрдү деп аныкташкан, бирок алты ай кармалып тургандан кийин, түшүнүксүз себептер менен анын беренелери өзгөртүлүп, адам өлтүрүү фактысы алынып салынган да, адам уурдоо менен 5 жылга соттолуп кеткен. Кундуз буга чейин балдарды уурдоо боюнча 5 жолу кармалган экен, анын иштери ММКларга көп эле чыккан.
Андан кийин укук коргоо органдары кайним Абиров Бактыбек менен Асанкан уулу Эрнисти кармашып, тергөөчүлөр сабап кыйнашканда алар жок эле жерден менин жолдошум Абиров Шаршенбекти да көрсөтүп беришет. Ошонун негизинде жолдошумду 2012-жылы 20-декабрда кармап кетишкен. Жылдын аягы болуп калгандыктан укук коргоо органдары бул үчөөнө күнөөнү чала-чарпы тергеп, жок нерселерди чаптап туруп, ишти жаап салышат.
- Кылмышка жолдошуңуздун тиешеси жок болсо, кантип бул ишке туш болуп калган?
- Жолдошумду кылмышка эч кандай тиешеси болбосо да, кайнимди уруп-сабап, башына желим баштыкты кийгизип кыйнап жатып байкесинин атын айттырышкан. Кайнимди оперлер “стукач болуп иштейсиң” деп кыйноого алышкан. Мен күйөөмө жолугуу үчүн барганда кайнимди сабап жатышканын өз көзүм менен көргөм.
- Жолдошуңуздун актыгын далилдеген алиби барбы?
- Жолдошумдун бул кылмыш ишине тиешеси жоктугу көп фактылар менен далилденди. Жумушта бирге иштеген адамдар анын ошол күнү жумуш менен алек болгонун билдиришти. Уюлдук компаниядан алынган распечаткага караганда да ал окуя болгон күнү ар башка райондордо иштеп жүргөн. Жолдошум пластик эшик-терезелерди чыгарган жерде иштегендиктен, ал кардарларга эшик-терезе жеткирип, коюп берип жүргөн.
Анын уюлдук телефон менен сүйлөшүүлөрүнүн распечаткасы менен тергөөчүлөрдүн “саат 10до Ак-Ордодон баланы уурдап, 4тө өлтүрүп, БЧКга алып барып салып жиберген” деген схема эч бир дал келбей жатат. Ал күнү жолдошум Жал кичирайонунда, Кантта болгондугун телефон сүйлөшүүлөрү тастыктап турат. Бирок, тергөөчүлөр “телефонду өзү көтөрүп жүргөндүгү же башка киши алып жүргөндүгү аныкталган эмес, балким балдары же аялы колдонуп жүргөн” деген жоромол тыянагына таянып туруп, анын баарын жокко чыгарып салышты.
- Эмне үчүн ошого карабай сот аны күнөөлүү деп тапты?
- Алгач он суткага убактылуу кармашкан, негизи катыштыгы жок болгондуктан ошол боюнча чыгып кетет деп эле күтүп жатканбыз. Мен жолдошум менен жолукканда тергөөчү Маккамбаев “берене тандап албайсызбы” дегенде, жолдошум “эмне үчүн кылбаган ишим үчүн тандашым керек?” деп макул болбой койгон. “Болбосо оор берене коём” деп, ошондон кийин 97-беренени тагып коюшту.
Биринчи инстанцияда Т.Байсеитов аттуу сот Кылмыш-жаза кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүмү (“Өзгөчө оор кылмышты жаап-жашыруу”) деген айып менен 4 жыл берген. Шаардык сотто болсо сот Жаңыл Мамбеталы жетектеген соттук коллегия ишти калыс, адилет териштирүүнүн ордуна 2015-жылдын 19-июнунда жолдошумду Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3, 6, 13, 14, 15-пункттары менен (“Адам өлтүрүү”) күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратты. Жогорку соттун коллегиясы аны күчүндө калтырып койду.
Бирок ошол жерде мамлекеттик айыптоочу А.Шүкүрбеков эмне себептен соттолуучуга 97-берене боюнча айып тагылганына түшүнбөгөнүн, көп жагдайлар далилденбегенин айтканына карабай, аны эч ким уккан жок. Анын айткандары соттун аныктамасында да бар. А.Шүкүрбеков сотто мындай деген: “бул жазык иш менен таанышып жана изилдеп, экинчи инстанциядагы соттун чыгарган чечими мыйзамсыз жана далилдерсиз чыгарылган деп эсептейм. Ш.Абиров боюнча КЖКнын 30-97-беренеси менен айыбы угузулган, бирок Бишкек шаардык соту 97-берене менен соттоп койду. Бул иш боюнча көп нерселер изилденген эмес. Соттор изилдөө үчүн эч кандай аракет да кылган эмес, башка соттолуучулардын күнөөсү бүт далилденген. Ш.Абиров боюнча далилдер изилденген эмес. Ошондуктан, Бишкек шаардык сотунун 2015-жылдын 19-июнундагы өкүмүн жокко чыгарып, ишти жаңыдан кароого жөнөтүүнү суранам”. Бул соттук практикада сейрек кездешүүчү окуя, мамлекеттик айыптоочу соттолуучунун актыгын жактаганы мурда-кийин болгон эмес.
- Ишти кандай себептер менен кайра ачтырдыңыздар?
- Кийин ошол прокурор А.Шүкүрбековдун сөзү түркү берип, биз кайра сотко кайрылып жатып, жаңы жагдайлардын чыгышынан улам 2017-жылдын апрелинен баштап ишти кайра тергөөгө жөнөтүштү. Бирок, прокуратура кызматкерлери ишти терең иликтебей туруп кайра-кайра жаап салып жатышат.
Ишти алгач Ленин райондук прокурорунун жардамчысы С.Мейманкулов иликтеген. Анын 2017-жылдын сентябрында түзгөн корутундусунда тергөө жана башка көзөмөл органдары тарабынан айыпталуучу Ш.Абировдун кыймыл-аракетине туура баа берилбей калгандыгы көрсөтүлгөн. С.Мейманкулов КЖКнын 388-беренесинин 1-бөлүмүн жетекчиликке алып, жолдошума тагылып жаткан 97-беренени жокко чыгарып, ишти Башкы прокуратура аркылуу Жогорку сотко жиберүү зарылдыгын белгилеген. Бирок ага Н.Акматова эмнегедир кол коюп бербей, “барып соттолуучуларды сурап кел” деп жөнөткөн.
Андан кийин 2017-жылдын 16-декабрынан баштап ишти Т.Керимбаев деген тергөөчү карады. Ал тергөөчү түрмөгө барып, камактагыларды сурап, жолдошумдун кылмыш болгон учурда өз иш ордунда болгондугун тастыктаган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн алып келгенине карабай прокурор Н.Акматова түшүнүксүз себептер менен ишти кайра жаап салды.
Андан соң Ленин районундук прокурордун жардамчысы О.Мамбетов карап, 2017-жылдын 27-декабрында “Жаңы ачылган жагдайлар жүргүзүүнү кайра баштоого негиз жок болгон жөнүндө токтом” деген токтомун токуп туруп, өйдө жакка жөнөтүп салды. Ш.Абировдун телефондук сүйлөшүүлөрү боюнча мурунку тергөөчүлөрдүн жоромол-дөдөмөлүн бул да өз токтомунда кайталагандан тартынган эмес.
Бирок, ишти кылдат текшерүүгө алган шаардык прокуратурадагы Л.Маданбекова О.Мамбетовдун токтомуна ишенбей, аны жокко чыгарган. Л.Маданбекованын иликтөөсүндө жаңы ачылган жагдайлар боюнча тергөө жүргүзүүдөгү бардык кемчиликтер саналып чыккан. Мисалы, кылмыш ишин тактоого эч тиешеси жок, кылмыш болгон жердеги адамдар эмес, Ш.Абировдун жашаган жериндеги кошуналары эле суралгандыгы, айыпталуучунун кылмыш болгон учурда өзү берген көрсөтмөдөгү жерлерге баргандыгы такталбагандыгы, О.Мамбетов оюнан чыгарып жаза койгон “Ш.Абиров кылмыш окуясы болгон күнү Ак-Ордо конушунда болгондугу толук далилденди” деген тыянагы эч кандай далилдер менен тастыкталбаганы ж.б. көп алешемдиктерди келтирген. Кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча конкреттүү сунуштарды да берген.
Андан кийин иш Ленин райондук ИИБнин начальнигинин орун басары Э.Үркүновго тийген. Э.Үркүнов ишти иликтеп, райондун прокурору Н.Акматовага тактама жөнөткөн. Анда мурунку тергөөлөрдө далилденбеген фактылар жана бир катар кемчиликтер аталган.
Жакында, 2018-жылдын июнь айында иш кайра ачылды. Ленин райондук прокуратурасы эмне үчүн кайра-кайра жаап жатышканы түшүнүксүз. Бишкек шаардык прокуратурасы (прокурор Л.Мааданбекова) ишти кайра тергөөгө жөнөтөт, ал эми Ленин райондук прокуратурасы (прокурорлор Н.Акматова менен О.Мамбетов) будамайлап туруп жаап салат, 3 жолу ушундай болду.
Азыр төртүнчү жолу Ренат Какиев деген тергөөчү тергеп жатат. Кечээ андан прокурор О.Мамбетов ишти алып кетиптир. Кайра жаап салышабы деп коркуп турабыз.
- Акыйкаттын орноор күнү да алыс эместир, сабыр кылыңыз...
- Алты жылдан бери акыйкат издеп келатам. Үч баламды жалгыз багам деп ооруп, бутумдан эки жолу операция болдум. Жолдошум мурда соттолгон эмес, жетим өскөндүктөн жаңыдан тирденип, үйлүү, машинелүү болгонуна сүйүнүп келатканда минтип жазыксыз камалып отурат. Бул иштин кайра-кайра тергелип, баарында тең кетирилген кемчиликтер, жолдошумдун кылмышка катыштыгына далилдердин жоктугу баса белгиленгенине карабай, айрым бир кызмат адамдарынын гана шалаакылыгы менен анын тагдыры талкаланып отурат. Бул боюнча Президентке, укук коргоо органдарына кайра-кайра кайрылып, бирок адилеттик таппай келебиз. Биздин арыз-муңубуз президентке жетпей, орто жолдо жок болуп кетип жатат деп ойлойм. Ошондуктан, Президентке силер аркылуу кайрылууну чечтик. Акыркы үмүтүбүз Президентте калды – Сооронбай Жээнбеков өз көзөмөлүнө алып, күнөөсүз адамдын жана үй-бүлөсүнүн тагдырын талкалануудан сактап калат деп үмүт кылабыз.
Маектешкен Кубатбек Айбашов
Булак: NazarNews.kg