www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи май райондук милиция башчылыгына Токмок милициясынан айдалган Максат Чойбеков деген неме башчы болуп келгени жатыптыр. Бүгүн-эртең дайындалат окшоп калды. Орунбасарлыгына иштеген жерине чөп чыкпаган Талант Аттокуров деген дайындалат экен. Чойбековдун Токмок милициясын жетектеп тургандагы эле бир окуясын эске сала кетели. Токмок базарында улут аралык чыр чыгып, ал чыр милициянын шалаакылыгынан улам ырбап кеткен эле.
Ал эми Аттокуров деген неме барган жерине батышпаган, өздүк курам менен тил табыша албаган бир кокуй. Москва райондук милициясында Кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүн жетектеп турганда өздүк курам токмоктоп туруп кууп чыккан. Аламүдүн райондук милициясында иштеп турганда, участкалык инспекторду кабинетине алып кирип башка-көзгө койгулап сабап таштаган эле. Ушундай чоң муштумду колдоп жаткан Канат Жумагазиевге жол болсун?
Булак: "Ачык саясат"