www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашоодон чарчаган адам

Кыш мезгили болсо дагы шаарда себелеп жаан жап жатат. Кабагы салыңкы, жашоодон чарчагандай түр көргөзгөн жашы отуздардан өткөн Амантур жер карап, кадамын жай таштап Ак-Үйдүн алдынан өтүп бара жатып, эл тагдырын чечүү үчүн салынган Ак-Үй тарапты ушундай бир башкача көз караш менен карап алып, ал жакта иштеген кишилерге нааразы экенин билгизип, бир топко Ак-Үйдөн көзүн албай карап туруп, алдыга кадам таштады.

Анткени ал жаш жигиттин бир тууганы элдин келечеги үчүн ушул жерден 2010-жылы окко учкан эле. Бирок арадан туура тогуз жыл убакыт өттү, андан бери эч бир өзгөрүү болгон жок, эми минтип кыйналып жашаган жашоосуна нааразы. Андан дагы Ак-Үйдөгү коррупционерлердин кылган иштерин угуп алып “мени бир тууганымдын өмүрү текке кеттиби?” деп ойлоп, каңырыгы түтөп кетти. Эмнегедир Ак-Үй тарап көзүнө такыр башкача көрүнүп, ушул жерден кетип калса эле эс ала тургансып деми кысылып аба жетишпей калгансыды. Тапкан айлыгы эмнеге жетет. Жашоосу супсак. Башка өлкөгө баргысы келет. Ал жактан жашоосу оңолчудай сезилет. Анткени бир гана өз кызыкчылыктары менен алек болгон бийликтегилерден үмүтү үзүлгөн. Айтылган убадалар эчак эле жетим калып, элдин дагы үмүтү жанбай калганына ушул саам баам салды.

Аңгыча Ак-Үй тараптан капкара болгон өтө чоң көлөмдөгү жол тандабас чыгып, уруп кете жаздады. Ал жол тандабасты тим эле өзүнүн ак эмгеги менен алгансып дөгүрсүп айдаган, көз айнек тагынган айдоочусун жаман көзү менен карап алып, эл жол киреге акча таппай жүрсө, алар отуз литр май ичкен жол тандабас айдап жүргөнү да Амантурдун көкүрөгүн  өйүдү. Эх, деги качан жашоо оңолуп, жашоо шаңы качан жаңырат болду экен? Бул суроого жооп табууга эч кимдин акылы али жете элек. Амантур күн батышты карай басып келе жатып ушуларды ойлоду. Бирок, ойлогон ойлору албетте ишке ашарынан үмүтү аз.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости