www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаары боюнча жаңы 20 мектеп салынат.
31-январда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен борбор калаада курула турган 20 мектептин долбоору жана курулуш аянттары менен таанышып чыкты.
Алардын бири борбор калаанын Свердлов районундагы Дубосековская көчөсү 39а дарегинде жайгашкан №32 орто билим берүү мектебине кошумча окуу корпусу курулууда. Министр аталган объекттин курулуш аянты жана долбоордук документтери менен таанышып, департаменттин жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылат.