www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын Башкы дирекциясы акыркы эки жыл аралыгында финансылык жана башка тармактарда он чакты мыйзам бузууга жол бергени аныкталды. Бул тууралуу мекеменин 2016-2017-жылдардагы киреше-чыгымына аудит жүргүзгөн Эсеп палатасы билдирди.

Сырткы канализацияны оңдоодо 980 миң сом ашыкча иштетилип, коомдук жумуштарда 7,4 миллион сомдук эреже бузуу катталган. Резерв менен бюджетинде 6,7 миллион жоготуу болгон.

Мындан сырткары “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын Ак-Чийдеги жана Кара-Балтадагы имараттары жана жер тилкелери туура эмес пайдаланылганы белгилүү болду. Чөлкөмдүн курамындагы 16 субъект мыйзам бузуу аркылуу ижарага берилгени такталды.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча эскертүүлөр жана сунуштар кабыл алынып, Жогорку Кеңешке, президенттик аппаратка, өкмөткө жана Коопсуздук кеңешине жөнөтүлдү. Тергөө үчүн материалдары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.

"Бишкек" эркин экономикалык аймагы Бишкек шаарын жана Чүй облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, инвестиция тартып, технологияларды колдонууга шарт түзүү, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана башка милдеттерди ишке ашыруу максатында уюшулган. Анын үч жерде бөлүмү бар, жалпы аянты 346 гектар жерди ээлейт. Кеминде үч миңдей адам эмгектенген чөлкөмдө 20дан ашуун чет өлкөлүк инвестор иш алып барат. Продукциялары Ооганстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Түркия жана Орусияга экспорттолот. 

Булак: "Азаттык"

Последние новости