www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүндө муниципалдык транспорту калкын тейлей албаган жалгыз шаар Бишкек. Анткени коррупционер мэрлер жүргүнчүлөрдү ташуучу үч автобазаны жеке менчикке чыгарып, талап-тоноп, автобустук линиялардын баарын жеке менчик фирмаларга сатып, жүргүнчүлөрдү ташууну жеке фирмаларга берип, өздөрүнөн жоопкерчиликти алып салгысы келишкен.

Мындай “кеменгер” иш Керимкулов мэр болуп турганда башталган. Ошол эле мэрлер автобустар паркын жаңылоону коррупцияга айландырып, ал үчүн Нариман Түлөев жоопко тартылган. Эми болсо “бусиктерди жоготобуз, автобус, электробуз алып келебиз” деп чамынып жатышат. Мэрия эми эсине келген окшойт.

Азыркы учурда шаардын элин маданияттуу тейлегенди мындай кой, күндүн суугунда эптеп түшүп кеткенге транспорт жок, бусиктерге эл батпайт, тыгылышып. “120 автобус алып келебиз” деп жатышат, аны менен маселе чечилбейт. Бишкекти автобус менен толук камсыз кылыш үчүн жок эле дегенде 1000 автобус талап кылынат.

Мэрия мээсин иштетип муниципалдык транспорт менен калкты тейлөө жагын жакшы жолго койбосо, фирмалар Индиянын үйүтүнө салып, батпаган жүргүнчүлөр үчүн бусиктерге экинчи кабат жасоону пландаштырып, бул көйгөйдү өз алдыларынча чечкени жатыптыр.

Акыры ошого барат окшойт... Кыскасы, Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров да Нариман Түлеевдей жоопкерчиликке тартылабы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости