www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакыт Дыйканов аттуу Фейсбук колдонуучусу жеке баракчасына Бишкек шаарынын мэриясына болгон нааразычылыгын жазган. Анын жазгандары толугу менен төмөндө:

“Мэр менен анын аппарат жетекчисин апендинин кызындай эле мактайсыңар ишке киришкенден бери. Алар шаардын борбордук, тактап айтканда эл көзүнө көрүнгөн жерлерде эле иштеп жатышкан жокпу? Шаар деген чоң. Борбордук эле жерлерин карап, түзөп жүрө берген болбойт. 83-мектептин жанындагы аялдаманын тагдырын чечип бергиле деп кайрылганыма туура бир жыл болду. Эгер аялдаманы вулканизация кылып алгандарга күчүңөр жетпесе, анда ал аялдаманы башка жерге жылдырып койгула.

Профсоюз көчөсү салынганына аз эле убакыт болду. Ошол жолдун төрт-меш метрдей жерин жол кызматкерлери оюп туруп шагыл төгүп койгонуна бир айдан ашты, аны кайра оңдой турган түрлөрү жок булардын. Ошол эле көчөнүн бирин-экин түнкү чырактары дискотекадагыдай болуп светомузыка ойноп турганына да көп болду. Ошол эле көчөгө отургузулган 9900 сомдук көчөттөр сонун болуп көктөп калган болчу, анан алар эгилген жерди оңдоп-түзөйбүз дештиби, айтор жайында эксковатор менен жерди түздөмүш этип, ортолоруна дөбө-дөбө кылып үйүп кетишкен. Ал ошол бойдон калды. Ошондо 9900 сомдук көчөттөрдүн тамырына доо кетиришкенби, арасынан куурап калгандары болду. Буга ким күнөөлүү? Негизи шаар мэриясы үчүн Фучук көчөсүнө чейин эле шаар болуп эсептелип, андан ары карай Сокулук району болуп эсептелсе керек. Эч эле ошол жактар каралбай калып кетет. ФБда мактап-жактагандар кулак-кагыш кылып койгула Суракматов менен Балбак Түлөбаевге, Кызыл-Аскер, Кудайберген, Достук, Киркомстром деген да шаарга караган жерлер бар деп”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости