www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик бийлик колунда турганда ал жийиркенген жалпы элди мындай коёлу, депутат, министр, губернаторлор жолугуудан ичиркенип турган  Алмазбек Шаршенович же эми гана катуу ойлоно баштаганбы: «Мен кадр маселесинен жаңылдым» -деп башын муштагылап жатат дейт. Ал мамлекет башында турганда ага атаандаш маалыматтардын Атамбаев кадр саясатынан жаңылып жатат деп кан-какшаганы кулагынын тышынан кетип, «ушак» деген символикалуу ат коюп койчу. Журналисттерди, алардын ичинде КГБны ( Кыргыз Гезиттер Биримдигин) ушакчы катары көрчү. Деги ал мамлекет башына келгени сүйүктүү кадрлары кимдер:

  1. Икрам Илмиянов, президентке чейин Атамбаевдин машинасын айдоочу, ага президенттин машинасынын рулуна отуруу деле чоң сыймык болмок. Бирок ал мамлекеттин башкаруу рулуна отурган. Шопур кезинде пакса менен үй куруп жүргөн ал, үйдөн көзү катканбы, хан сарайлардан канчасы бар экенин ким билет, кыргызстандын жалтырап-жултураганын бүт өзүнө ыйгарып отуруп бекер келген дүнүйөдөн шефинен кийинки мултимиллионерге айланган.
  2. Фарид Ниязов, Акаевдин оң колу болуп жүргөн Ниязов Атамбаев бийликке келер менен анын Илмияновдон кийинки иш чечээрине айланган. Маалымат айдыңы Фарид аканын таманында калган, кандай маалымат жүргүзгөнүн эл билет, билбегендерге  анын күйөө баласы Өмүрбек Сатаевге КТРК жана башка ММКлардын мойнуна минип, олчойгон айлык алып, бийликтин маалыматын тейлеп жүрчү. Анын канчалык таланттуу экенин ким билет, бүгүн бийликти тейлебесе да, айлык алганын улантып келатат.
  3. Албек Ибраимов, жердеш иниси, Атамбаевдин таразасын тартып жүргөн «рабочий» Албек Ибраимов отурбаган май-талкан жер калган жок. Бишкектин эркин экономикалык зонасын жайлады, «Дастан» заводунан гектарлаган жерди алып Кыргызстанда жок көз жоосун алган менчик президенттик резиденция куруп алсын деп шефине ыйгарды, «коррупция» деген сөздү «гарыбса» деп жазган билими менен президенттик аппаратты жетектеди, «Манас» аэропортун аңтарып, ага тойбой Бишкекке мэр болуп канын сорду.
  4. Турусбек Коёналиев, унчукпас жердеши Турусбек «балашкаларынан» айырмаланып жегенди жана шефине жедиргенди жакшы көрөт. Бийлик алмашкан 2010-жылдан бери козголбой Ак үйдүн Иш башкармалыгын жетектеп келатат. 2010-жылы революциядан талкаланган Ак үйдү оңдойм деп акча бөлдүртүп, шефи экөө канчасын талкалаганын ким билет?..

Булар Атамбаевдин кадрларынан бир бүркүм эле, көпчүлүгү өз камын ойлогону үчүн камакта, камакка жата элек кээ бирөө жатууга талапкер.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости