www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Дүйнөгө аты белгилүү Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова учурда “Үмүт-2020” деген аталышта кыймыл түзүп, өзүнүн тегерегине активдүү жарандарды чогултууга чакырык таштады. Ал, кыргыздардын башын бириктирип, келечекте таза жашоого бирге күрөшүүгө ниет кылып жатканын айтып чыкты. Ширин Айтматованын сөзүнө караганда, учурда Кыргызстан коркунучта калган. Мындай учурда ал демилгени өз колуна алып, мекенчил жаштарды баштап чыкмакчы болууда.

Ширин Айтматова Жогорку Кеӊештин депутаты болгонго чейин эч ким ал тууралуу билген эмес. Депутат кезинде деле активдүү депутаттардын катарын толуктаган эмес. Бир күнү сессия убагында уктап калып сынга кабылганы менен таанымал. Мындан тышкары Жогорку Кеӊештин депутаттары 2014-жылы Батыштын булганч агымын жайылтууга тосколдук жаратуу мыйзам долбоорун көтөрүп чыгышкан. Анын алкагында гей-лесбиянкаларды пропагандалоо, алардын укуктарын коргогон уюмдарды мамлекетке киргизбөө сунушу айтылган. Аталган мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкууга алынып, Америкалык бей-өкмөт уюмдар кыргыз парламентинин мындай демилгесине караманча-каршы турушкан. Алар, бир жыныстагы жарандардын никеге турушу коомчулукка коркунуч жаратпайт деген пикирлерин айтышкан.

Так ушул маалда улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун депутат кызы гей-лесбиянкалардын укуктарын коргоп, кыргыз паламентинин трибунасынан кыйкырып чыккан. Ал, “Бул мыйзам долбоору абдан туура эмес. Биз демократиялуу өлкөбүз. Албетте бизде ислам баалуулуктары бар, бирок ЛГБТ мүчөлөрүн коргоп жаткандарга тыю салган мыйзам – адам укугун бузганга жатат. Гей-лесбиянкаларды пропаганда кылды деп ага кылмыш ачуу акылсыздык!” -деп айткан.

Ширин Айтматова сыяктуу Батыштын булганч агымын Кыргызстанга жайылткандардын кесепетинин жыйынтыгы чыга баштады. Ушул жылдын жаз айында Бишкекте гей-парад ачык өткөрүлдү. Аны мурдагы депутат Равшан Жээнбеков жетектеп чыкты. Равшан Жээнбеков коомчулукта Американын шпиону деген ат менен таанымал. Жаздагы гей-парад кылган ишмердүүлүгүнөн кийин анын кадыр баркы кетип, элдин кыжыры келчү болду. Америка жана Батыш өлкөлөрү үчүн Равшан Жээнбеков пайдасыз болуп калды. Себеби, ал коомчулукка алып чыккан сөздөрү элдин ишенимине кирбейт. Ошол себептүү Америка жаӊы шпионду даярдап чыкты. Ал – Ширин Айтматова.

Экс-депутат Ширин Айтматова улам демилге көтөрүп, коомчулукта талкууга алынып жаткан адамдар тууралуу сөз кылып, өзүн пиар кылып, таанытып жатат. Бирок анын түпкү максаты кайсы бир саясатчыны каралоо эмес, алар аркылуу өзүн коомчулукка сиӊирип, кийин Америка жана Батыш өлкөлөрү берген тапшырмаларды Кыргызстанга, кыргыз улутуна сиӊирүү болуп саналат. Ислам баалуулугу жана кыргыздын таза түшүнүгү менен жашаган байыркы улуу элге – кыргыз тилин билбеген жана үйрөнгүсү келбеген Ширин Айтматова эмне пайда алып келиши мүмкүн? Кыргызга - кыргыз тилинде эки ооз сүйлөй албаган адам үмүт бере албайт. Андыктан Американын шпионунун амалдарына алданып калбашыбыз керек".

Мындай пикирин Аскат Тейит өзүнун социалдык тармагына жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости