www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекке мэр болгондордон камакта жатып чыккандары, камакка талапкерлери же камалгандары Феликс Кулов, Медетбек Керимкулов, Нариман Түлеев, Иса Өмүркулов, Кубаныч Кулматов, Албек Ибраимов, Азиз Суракматов, качып сыртта жүргөндөрү Борис Силаев, Арстанбек Ногоев, Данияр Үсөнов  жана башкалар.

Салымбеков Бабанов сыяктуу неге бизнесин “падарить этпейт?

Биз билгени тазарагы эле бизнеси аркылуу “ичегисин арттырбаган” Салымбеков окшойт, ал канча президент менен иштешпеди. Кимиси келсе да анын “Дордойуна” көз артат. Бирок, Салымбеков  Бабанов “Азиямоллду” кармата берген сыяктуу “Дордойун” “ме” деп бере салбайт. Эми да парламенттик шайлоонун босогосунда турабыз. “Эмгек” партиясы козголобу, козголсо ким менен жарышка чыгат? Же азык элинин дагы бир “азуулуусу”, Ош базар менен Кара-Кеченин көмүрүнөн төө көтөрө алгыс дүнүйө жыйнап, автобуска эл менен кошо түшкөн депутаттарга боору ооруган үкасы Камчыбек Жолдошбаев ак шейшеп жамынып, “арбак” болуп чыга калбайбы деп чоочуйбу? Салымбеков “Дордойу” менен жүз миңдеген кыргыздарды дордойткон. Бирок, Бажы Биримдигинине кирүү менен ал жерде жаңы бүрдөп келаткан Нуркенттеги “Хоргос” базары менен ар дайым анын артынан аңдып жүрчү атбашылык үкасы чоочутуп жатып, жүрөгүнүн үшүн алып койду. 2015-жылы парламенттик шайлоого Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстаны” менен аттанып, бүтүн болбой эле бөтөн болуп чыгып, эми дипломатиялык иштерге байланмак болду. Быйыл кыргыз футболу Азиялык чемпионатта бир топ эрдигин көрсөттү, төшүнө орден тагынган Аскар агабыз магдырап турган кербези. Арийне, аны бардык президенттер магдыратып туруп, “Дордойун” талашчу эле, эми эмне болор экен?

Керимкуловдун барар жери камакпы?

“Кыздын барар жери күйөө, буудайдын барар жери тегирмен” –дешет, “Мэрдин барар жери камак” болуп турат. Акыркы заманда далай мэрлер жыргады. Мал-жандуу, үй-жайлуу, акчалуу болушту, былтыйа байышты. Кандай жол менен экенин ким билсин. Бирок бир мэр же камалбай, же качып кетпей  такыр эле унутта калды көрүнөт. Ал Медетбек Керимкулов. Ооба, дал өзү. Такыр көрүнбөй кетти. Билбегендер үчүн бул үлкөн чиновник Бишкек шаарын алты жыл башкарып турган. Тагыраагы 1999-жылдан Акаев куулган 2005-жылга чейин. Эмнеден улам бул адамды эстеп калдык? Азыркы Бишкекти жакшы билесиңер. Анда бир кездерде “Дружба”, азыркы “Ата-Түрк” паркы бар. Ал парктын айланасындагы чуу “Чубактын кунундай эле чубалып” азыркы күнгө чейин аягы суубай келет. Жакында эле эл өкүлү сымал Азиз Турсунбаев журналист кызды “иди отсюда” – деп чыныгы кейпин көрсөткөн жайы бар эмеспи. Анын мындай “итчилик кыялы” дал ушул парктагы анын жер участкасына байланышкан суроодон улам келип чыккан.

Мына дал ушул жашыл аймакты убагында Керимкулов жиликтеп салып, жалпысынан 88 жер участкасын сатып салган деген маалыматтар эл арасында күбүр-шыбыр болуп жүрөт. Эми азыр  бир кездердеги жашыл аймак курулуш полигонуна айланып кетти.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости