www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу карьералар, улуу жетишкендиктер мүнөздүн, генийдин жана ийгиликтин ширелишинен жаралат.

(Наполеон I Бонапарт)

Кимдир бирөөнү кууп жатканда ойлон, эртең эле ал кууп, сен качып калышың мүмкүн.

(Станислав Ежи Лец)

Аз айлык сураган киши – арзан киши. 

(Максим Горький)

Мыкты жетекчи адам бир кызматта картайып кетүүсүнө жол бербөөсү керек.

(Наполеон Бонапарт)

Эң акыркы могикандын алдындагы могикан өзү акыркы могикан болуш үчүн акыркы могиканды өлтүрөт.

(Станислав Ежи Лец)

Менден “эгер популярдуу аткаруучу болбогондо ким болмоксуз?” деп сурап атасызбы? Популярдуу эмес аткаруучу болсом керек да.

(Кристина М.Агилера)

Бизнес – бул согуш менен спорттун айкалышы.

(Андре Моруа)

Акылдуу адамдарды таап, аларды чакан командаларда иштетип койгула.

(Билл Гейтс)

Айрымдар киши болушту, айрымдар адам бойдон калышты.

(Аркадий Ф.Давыдович)

Мен артист катары өзүмдүн баамды гезиттеги материалдардан эмес, залдагы адамдардын санына карап билем. Андан тышкары, “мени качан чакырышат” деп күтүп отурбайм, сахнага өзүм чыгам.

(Александр Г.Абдулов)

Кыздык абийир дейсизби? Мен ага карьера жасоонун бир ыкмасы катары карайм.

(Мадонна)

Баардык эле профессионалдар сыяктуу мен жогорулоону эң төмөнкү тепкичтен баштагам. Алдыда эмне күтүп турганын билчү эмесмин...

(Мэрилин Монро)

Аялдар өзүнө чекеси менен жол ача албай калган кезде жолду көкүрөгү менен ачышат.

(Ашот Наданьян)

Чыгармачылыкта да, аялдарда да карьера болбойт. Карьера саясатчыларда эле.

(Виктория Токарева)

Эгер карьералык шаты менен жогорулагыңыз келсе, чокуга жетип калгандай кийиниңиз.

(Евелина Хромченко) 

Өлүктөрдү тебелеп бараткан киши бутунун астын караганы жакшы жорук эмес.

(Виктор Шендерович)

Офис шефсиз иштей берет, бирок, секретаршасыз иштей албайт.

(Джейн Фонда)

Дайыма эле иштеп жаткандай түр көрсөтө берсең чарчап каласың.

(Борис Трушкин)

Ким ак эмгеги менен жашаса, ошолорду “аксөөк” деш керек.

(Робер Бернс)

Эгер ар ким колунан келген ишти жасаганда, бош орундар аябай көп болмок.

(Александр Кулич)

Эгер адам ээлеген кызматына ылайык келбесе, адамды өзгөртүүгө арекет кылбай, кызматын алмаштыргыла.

(Ганс Селье)

150 доллар айлык алган жаш адис кандай пайда келтириши мүмкүн? Эч кандай. Зыяны гана тийет.

Эгер ат сыяктуу иштесең, арпага жетерлик акы аласың.

(В.Сумбатов)

Келесоолукка талап болсо, акмак деле ийгиликке жетишет.

(Валентин Домильм)

Кээде кыймыл көчүккө тебилгендин натыйжасында пайда болот.

(Михаил Задорнов)

Кээ бир кишилер өндүрүш чөйрөсүндө иштесе, кээ бирөөлөр керектөө чөйрөсүндө иштешет.

(Андрей Кнышев)

Аялдардын эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулаган сайын эркектердин аларга болгон кызыгуусу төмөндөй берет.

(Александр Минченков)

Мамат САБЫРОВ

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости