www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-январда, Ухань шаарында коронавирустун жаңы тибинен үчүнчү адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, каттоодо 198 адам  вирусту жугузуп турганы айтылат.

18-январда бул вирусту жугузуп алды деген 59 учурду каттаса, эртеси алардын саны 77ге жеткен.

Пациенттер арасында акыркы күндөрү 66 киши, 70 аял болгон. Алардын эң жашы 35 жаштагы жигит, эң улуусу 89 жаштагы жаран экендиги аныкталды.

Ооруга чалдыккандарда симптом 18-январда байкалып, алгач дене табы көтөрүлүп, андан соң жөтөл коштоп жана дем жетпей кыйналышкан.

Белгилей кетсек, аталган вирустук оору 2002-жылы Кытайда пайда болуп, 2003-жылдын июнь айына чейин катталган. Бул убакытта 8 437 киши оору менен жабыркап, анын 813ү каза тапкан.

Эске салсак, Кытайда пайда болгон жаңы вирус Кыргызстанга өтүп кетпеши үчүн кыргыз-кытай чек ара бекеттеринде медициналык көзөмөл күчөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости