www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын жараны делген Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу порталына Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.
Маалыматка караганда, аталган депутат "Республика-Ата Журт" фракциясынын мүчөсү.
"Жусупбек Коргонбай уулу Орусиянын жарандыгын 2007-жылы алган. Ал азыр да аталган өлкөнүн жараны. Муну Орусиянын Юстиция министрлиги тастыктады. Кечээ саат 17:00дө аталган маселе боюнча жыйын өткөрдүк. Жыйынтыгында аталган депутатты мандатынан ажыратуу чечими кабыл алынды. Документтер бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт”, - деди ал.
Булак: NazarNews.kg