www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ТЭЦинин быйылкы ремонту 40 күнгө созулушу мүмкүн

Бишкек ТЭЦинин жылдык ремонту бул ирет 40 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, быйыл Бишкек шаарындагы ТЭЦти жана жылуулук тармактарын толук өчүрүү пландалууда. Анткени технологиялык жабдыктар ремонтту талап кылгандыктан оңдоо иштеринин масштабы чоң болот.

Байгазиев мындай иштер жыл сайын май-июнь айларында аткарылып келгенин белгиледи.

"Быйыл 30-40 күн кетет деп пландап жатабыз, бардыгы иштин көлөмүнө жараша болот. График тууралуу маалымат берилет", — деди министрдин орун басары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости