www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы «Бишкек жылуулук энерго» муниципалдык ишканасына пландуу текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишканага тиешелүү 6 автоунаанын экологиялык талаптарга шайкештиги текшерилди.
Анын жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 2 протокол түзүлүп, жалпы 46 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзам талаптарынын сакталышын камсыз кылуу жана айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтуу багытындагы көзөмөл иштерин улантарын билдирди.