www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-апрелде социалдык тармактарда суу ташыган жүк ташуучу унаа менен скутер катышкан жол кырсыктын видеосу тараган.

Кырсык боюнча ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымат беришип, скутердин айдоочусу окуя болгон жерде каза болгонун билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-апрелде саат 21:50 чамасында 2008-жылы туулган скутер айдоочусу Садырбаев көчөсү менен кетип бара жатып, Кара-Коо көчөсүнө жеткенде Мерседес-Бенц унаасынын арткы сол жагына урулган. Андан соң скутер айдоочу жолдун сол тарабында бара жаткан ISUZU FVR340 унаасынын арткы оң тарабына урулуп, 2008-жылы туулган айдоочу көз жумган.

Последние новости