www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чехиялык ReGreen компаниясы таштандыны кайра иштеп чыгаруучу заводун курат. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн пресс жыйында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
Мэрдин айтымы боюнча, аталган компания заводду курууга 42 миллион доллар акча каражатын жумшайт. Бул каражат 15 жылдын ичинде өзүн актап чыгат.
“Бул компания баардык керектүү стандарттарга жооп берет. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, заводдун курулуш иши быйыл башталат. Компания алгач 45 миллион доллардын 20 % ын төлөп ишин баштайт. Биз тараптан эч кандай каражат кетпейт. Бизге бул жакшы мүмкүнчүлүк”,- дейт Бишкек мэри.
Эмилбек Абдыкадров заводду курууга канча убакыт керектелээрин жана качан ишке берилээри тууралуу жакынкы арада маалымат берерин кошумчалады.
Мындан сырткары, мэр борбор калаага дагы 17 таштанды ташуучу унаа алынып келээрин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg