www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаз шооласын чача баштады. Быйыл эсепчилер божомолдогондой “Кемпир ыйлаактын” тушунда кар жаады, демек кемпир ыйлаак бугу жок кетти, жазында катуу үшүк болбойт. Илгери 26 -февралга чейинки убакытты “Ыйлаак кемпирдин кеткен мезгили” – дешкен. ““Кемпир ыйлаак” биринчи жумада, жыла басып жумшак кирип, кар аралаш жамгырлатат. Короо — сарайга баш багып мал жанды эсептейт. Үйгө баш багып тирүү жанды эсептейт. Анан экинчи жумасынан баштап жиндеп кирет. Алай-дүлөй бороон боздоп ыйлап кар борошолотуп элдин эсин чыгарган шамалдар болот. “Кемпир ыйлаак” “Казаныңарга эле эмес этиңерге май калтырбай алам”- деп шерт кылып келет тура. Мунун түпкү маани маңызы кышка камылга көрүп жай күздө даярдан дегенде жатат. “Келерки жылда дагы келээрмин..” – деп жатпайбы.
“Кемпир ыйлаак” борошолотуп кар жадырып, муз тоңдуруп суук кылып титиретип үшүтүп, жүдөтүп чыкса кыргыздар кубанып, “Ыйлаак кемпирдин бугу чыгып жакшы кетти. Жаз жакшы болуп үшүк жүрбөйт”- дешет. Эгер “Кемпир ыйлаак” 20 сынан 26 – февраль ичинде борошолотуп кар жаадыра албай бугу чыкпай калса, “Силердиби, мени кетти дебегиле 40 күндө, ары ашса 90 күндө кайра дагы кайрылам. Ошондо көрүшөбүз”- деп кекенип кетет имиш. Жанагы жазында кар жаап үшүк жүргөндү кыргыздар “Оңбогон “Кемпир ыйлаактын” бугу чыкпай калды эле. Акыры келип бугун чыгарып кетти”- дешет.
Өркөчү менен тайлак калыптыр кокуй…
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Куйругу менен козу калыптыр кокуй…
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Эмчеги менен кыз калыптыр кокуй…
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Соорусу бөксөрбөй келин калыптыр кокуй
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Очок кучактаган чалга алым жетпептир кокуй
Чач уштугун көтөрө албаган кемпирге алым жетпептир кокуй
Кычыратып аязды түшүрө албаптырмын…
Бурганактуу борошо бороон кылбаптырмын
Кайрылып келерки жылда дагы келээрмин
Камыңарды ошондо чындап көрөөрмүн… деп боздоп ыйлап кар борошолотуп буй түшүрүп кетет имиш.
8- июлдан 18-августка чейин 40 күнгө созулган жай чилде болот. Муну саратан жай деп да коюшат. Үркөр жылдыз жерге түшкөн күндөн баштап кырк күн бээнин сүтү табылгыс дары дешкен. Ай жаңырганда ай арасы деп коет. Сөзсүз аба ырайы бузулат, бийик ашуу тоолордо кар жаайт. Үч күнгө созулат, бул сөзсүз болуучу окуя. Ушул кырк күндө Үркөр таң менен бирге бир аз көрүнүп калса, жай чилденин келгени. Эгерде, Үркөр жылдыз таң алдында көрүнүп калса, анда Сүмбүлө жылдызы тууйт дешкен. Анда таң сууп, бир топ адамдарга бээнин сүтү жакпай, чөп ката баштайт. Илгери көпкөн эки жигит мелдеше кетет: “Кышкы чилдеге чыдаса болобу же жайкы чилдеге чыдоого болобу” – дешип. Биринчиси, кышкы чилдеде күнү-түнү туруп берген окшойт, ал чала өлүк болуп акыры аркы дүйнөгө кетиптир. Экинчиси, жайкы чилдеде туруп ошол эле жерден жан таслим болуптур. Чилде деген тамаша эмес. Жайкы аптаптуу чилде оор болгон. Бирок илгерки заманда кыргыздар жайлоого чыгып кетишип, аптаптын убайын көп тартпай калышкан. Ал эми жайлоого чыга албагандар жакада калышып ысыктын түйшүгүн тартышкан. Текеге карап да кандай жыл болорун аныктаса болот. Теке бештин айынын 20-нан 30-на чейин бийик зоолорго чыгып, аба ырайына карап, үйүргө кошулаарын аныктайт. Эгерде, үйүргө эрте кошулса, улактары эрте туулуп, жүнү суюк, териси жука айбан болгондуктан, бийик тоонун суугуна туруштук бере албай өлүп калышат. Ошондуктан, кайберендерден эң кеч үйүргө кошулганы эчки, теке болушат. Үчтүн айынын башында жүгүрөт. Жут болоордо 15 күн кеч жүгүрөт. Ушул айда төлдөйт, андыктан теке дейт. «Ай караган текедей» деген сөз бар кыргызда. Текелер айды эмес, жылдыздардын тогошууларын карашат. Ошого жараша келээрки жылдын жазы эрте же кеч келээрин – “моюну создугаарын” аныкташат. Ошого жараша куутту эрте, же кеч башташат. Бул – тукуму кырылып калбашы үчүн болгон алдын ала көрүлгөн туюмдун (инстинкт) негизинде көргөн камкордугу. Июлдун 15 жарыгы «саратан тамыз маалы», 15 караңгысы «асат маалы» аталат. Июлдун 21 жаңысынан тогойт. Бирок, тогоол белгиси айкын болбойт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg