www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин бардык 9-класстары бүткөн күбөлүгүн алалбайт. “Бүгүн мектепте бүтүрүү аземи болуп, анда бүтүрүүчүлөргө грамота тапшырылды. Аттестаттар али даяр эмес. Окууга тапшыра тургандар кантет? Мектепте документтерди 25-июнда берерине сөз беришүүдө”, - деп даттанышты ата-энелер.

Билим берүү министрлиги болсо күнөөсүн мойнуна албай, бардык мектептерде 9-классты бүткөндүгү тууралуу күбөлүк берилгенин айтып кашкайышууда.

Бул жылы 9-классты 96 миң окуучу аяктаган. Ушул күндөрү кээ бир мектептер аттестаттын жоктугунан  салтанаттуу аземди алып салышкан.

Министр Г.Кудайбердиеваны дарегине ансыз да ар кандай дооматтар коюлууда. Окуу куралдары боюнча да бир топ нааразычылыктар айтылган. Эми минтип окууну аяктаганын тастыктаган күбөлүк колдоруна тийбей жатканы эмнеси?

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости