www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын ИИББнын Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизат каражаттарын сатууга шектелген жаран кармалды.

Тактап айтканда, 2026-жылдын 5-февралында Бишкек шаарынын ИИББнын БМЖКККнын кызматкерлерине «Ж» аттуу белгисиз жаран күчтүү таасир этүүчү заттарды сатып жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Андан аркы ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери Фучик көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан 1995-жылы туулган Ж.О. аттуу жаранды кармашкан. Ал баңгизат каражаты — гашишти сатып жүргөнү аныкталган.

Кармалган учурда анын жанынан өзгөчө жыты бар кара түстөгү зат табылып, алынган. Бишкек шаарынын ИИББнын соттук-эксперттик-криминалистикалык борборунун корутундусуна ылайык, алынган зат баңгизат каражаты — гашиш экендиги аныкталган.

Кармалган Ж.О. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Бишкек шаарынын ИИББгы жарандарга баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү оор кылмыш экенин жана ал кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет. Эгерде баңгизаттарды таратуу фактылары тууралуу маалыматыңыз болсо, тез арада ички иштер органдарына билдирүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Последние новости