www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте иттерди коопсуз сейилдетүүгө арналган атайын аянтчаларды түзүү иштери үч жерде башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-августта шаар мэринин парктарды жана скверлерди кыдыруусунун жүрүшүндө коомдук жайларда иттерди сейилдетүү үчүн атайын зоналарды уюштуруу тапшырмасы берилген.

Учурда иштер Тоголок Молдо атындагы скверде, Иманалы Айдарбеков көчөсүндө жана Эркиндик бульвары менен Ж. Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде жүргүзүлүүдө.

Эркиндик бульвары менен Ж. Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги аянт болжол менен 300 чарчы метрди түзөт. Ал 1,8 метр бийиктиктеги тосмо менен курчалып, иттердин коопсуз сейилдөөсүнө ылайыкташтырылат.

Аянттын негизги бөлүгү чөп менен жабылып, эс алуу үчүн бастырма, отургучтар жана үстөл коюлат. Ошондой эле иттер үчүн оюн конструкциялары, ичүүчү суу түйүнү, таштанды челектери жана пайдалануу эрежелери жазылган маалыматтык такталар орнотулат.

Кире беришке кош катар металл дарбазадан турган тамбур коюлуп, иттердин аянтчанын сыртына чыгып кетүүсүнө жол бербөө каралган.

 

Последние новости