www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Кара-Суу районунда Салык кызматынын пломбасын бузуп, эсепке алынбаган товарды ташуу фактысы аныкталды.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салык кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик көзөмөл учурунда жүк ташуучу унаа текшерилген. Анда Салык кызматы тарабынан коюлган расмий пломбанын үзүлгөнү аныкталган.

Мындан тышкары, унаадан жашырылган эсепке алынбаган товар табылып, анын жалпы наркы 304 миң 642 сомду түзгөн.

Салык кызматынын маалыматына караганда, контролдук пломбаны өз алдынча бузгандыгы же үзгөндүгү үчүн 100 миңден 200 миң сомго чейин айып пул каралган.

Пломбаны үзүү фактысы боюнча чогултулган материалдар күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу маселесин чечүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө даярдалууда.

Ошондой эле эсепке алынбаган товарды жашыргандыгы үчүн айып пул салуу жана товарды конфискациялоо каралган.

Последние новости