www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы Кронштадт көчөсүнүн Манас көчөсүнөн Месароша көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери аяктады.
14-сентябрдан тартып жолдун аталган тилкеси унаа кыймылы үчүн кайрадан ачылды.
Оңдоо иштеринин алкагында жолдун үстүңкү катмары жаңыланып, жол инфраструктурасы иретке келтирилди. Ошондой эле жол белгилери жана коопсуздукту камсыз кылуучу элементтер талапка ылайык абалга келтирилди.
Бишкек мэриясы айдоочуларды жол эрежелерин, жол белгилеринин талаптарын жана белгиленген ылдамдык режимин сактоого чакырды.