www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муниципалдык инспекцияга Биринчи май районунун Симферопольский көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн эки жашоочусунан арыз түшкөн. Алар курулуш компанияларынын бири тарабынан көрктөндүрүү эрежелери бузулганын билдиришкен.

Буга байланыштуу 16-март күнү инспекторлор Симферопольский көчөсү менен кесилишкен Ахунбаев көчөсү №223, 225 дарегине барышкан. Аталган аянтта «Нур Имарат Курулуш» компаниясы тарабынан курулуш иштери жүрүп жаткан. Инспекторлор компания тарабынан эки эреже бузууну аныкташкан.

Курулуш компания чектеш аймактагы тазалыкты, тартипти сактоо эрежелерин бузган жана курулуш аянтынан жолдун булганышын алдын алуу чараларын көргөн эмес. «Нур Имарат Курулуш» курулуш компаниясына карата КР Укук бузуулар кодексинин 114-беренеси жана 177-беренеси боюнча эки протокол түзүлгөн.

Аймакты көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы жана жол курулмаларына зыян келтиргендиги үчүн 53 миңсом айып салынган. Түшүндүрүү иштеринен кийин курулуш компаниясынын жумушчулары тегерегиндеги таштандыларды жана топуракты тазалашты.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Нур Имарат Курулуш» ЖЧКсы 2015-жылдын 19-октябрында каттоодон өткөн. Негиздөөчүсү жана жетекчиси Шейшеев Улан Бузурманкулович. Компаниянын негизги ишмердүүлүгү — турак жайларды жана турак эмес жайларды куруу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости