www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте активисттер сөз эркиндигин чектебөө чакырык менен жөө жүрүш өткөрүшөт. Бул тууралуу социалдык тармактарда маалымдалды.
Белгиленгендей, акция бүгүн саат 13.00дө өтөт. Катышуучулар темир жол вокзалынан Ала-Тоо аянтына чейин жөө жүрүш жасоону пландап жатышат.
Белгилей кетсек, кечээ борбор калаадагы “Азаттык” радиосунун редакциясынын жанында 20га жакын адам митингге чыгышкан. Катышуучулардын көбү медициналык беткап кийип, беттерин плакаттардын артына жашырышкан. Алар Кыргызстандагы үч көз карандысыз маалымат каражаттарын – “Азаттык”, Kloop жана Kaktus.media сайтын жабууну талап кылышкан.
Алардын айтымында, митингчилерди депутат Надира Нарматова колдоп жатат. Шаршемби күнү Жогорку Кеңештин жыйынында ал президентке жолдогон кайрылуунун алкагында бир катар маалымат каражаттарын жабуу өтүнүчү менен кол топтоо уюштурган. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирген.
Бул демилгени Надира Нарматова өзү четке каккан. Бирок, кийинчерээк бир нече депутаттар журналисттер менен сүйлөшүүдө кесиптеши кол топтоп жатканын тастыкташкан.
Булак: NazarNews.kg