www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүүлөр кармалганын ИИМ билдирди.

Маалыматка караганда, 21-августта Свердлов РИИБине А.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 21-августка караган түнү терезенин темир торлорун сындырып, Элебесов көчөсүндөгү автомектептин имаратына мыйзамсыз кирип, 150 миң сом жана 350 миң рубль уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш ишин козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган К.А. жана 1984-жылы туулган Б.М. кармалган.

Кылмышка шектүүлөр борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости