www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-июлда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:14тө Октябрь райондук №5 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты, Биринчи Май райондук №4 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, Биринчи Май райондук №8 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, жалпы 4 күжүрмөн эсеп жеринде иш алып барууда.
Мындан тышкары кошумча саат 11:35те ӨКМдиин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан бир унаа, 2 офицер 1 дрону менен тартылды.