www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Панфилов паркындагы 41,6 миллион сомго бааланган жер тилке мэриянын балансына кайтарылганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 7 сотых жер Фрунзе көчөсүндө (Панфилов паркындагы жайкы кинотеатрдын орду) жайгашкан.

"Бул жерди 2008-жылы Бишкек мэриясынын айрым кызмат адамдары ар кандай оюн-зоок жайларын долбоорлоо жана куруу үчүн менчикке мыйзамсыз бөлүп бергени аныкталган. Аталган жер тилке Панфилов паркынын аймагына таандык жана калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жери болуп эсептелинет. Бишкек шаарынын башкы планына жана Жер кодексине ылайык, калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жер тилкелери менчикке берилбейт", — деп жазылат маалыматта.

Бул жер 2008-жылдан бери бир нече жолу сатылганы аныкталып, акыркы ээси М.С.У. аттуу жаран 7 сотых жерди муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөрүп бергени айтылды. Учурда бул ишке тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка тараптарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости