www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте катуу шамалдан кийин киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, 28-мартта ордо калаада ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал болгон.

"Шаардык кызматтар анын кесепетин жоюу үчүн ыкчам чара көрүштү. Шамалдан 10 киши жапа чегип, 144 бак кулап, 13 унаа жабыркаган. 101 объектинин, анын ичинде 37 социалдык, 54 турак үйдүн чатыры бузулган. Жыйынтыгында катуу шамалдын келтирген зыяны 16 миллион 750 миң сомду түзгөн", — деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости