www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Капиталдык оңдоого Дүйнөлүк банк 72 миллион сом бөлгөн.
Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын үч кабаты тең капиталдык оңдоодон өтүп ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев 200 орунга эсептелген имарат 2023-жылдын июль айынан бери капиталдык оңдоого жабылганын айтып, ага чейин 1989-жылдан бери бир да жолу толук оңдоп-түзөлбөгөнүн белгилеген.
"COVID-19 пандемиясы учурунда дубалдар жана шыптар сыйрылып, жарыла баштаган. Линолеум капталган полу шишип, эскирип, көпкө пайдаланылгандыктан, имараттагы суу, канализация, жылуулук, электр тармактары, вентиляция жана сантехникалык жабдууларын толугу алмаштырыш керек болуп калган", — деген Аалиев.
Эми палаталарга жаңы душтар орнотулуп, лифт да коюлуп жатканы кошумчаланды. Капиталдык оңдоого Дүйнөлүк банк 72 миллион сом бөлгөн.
Министрлик оорукана 1-майдан тарта 500 орун менен штаттык режимде иштей баштаганын, калкка өз убагында, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
Булак: NazarNews.kg