www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын борбору - Бишкек советтик 73 жылдын 65 жылын Фрунзе Михаил Васильевичтин наамында болгон. Фрунзе 135 жыл мурун 1885-жылдын 2-февралында туулган.  1926-жылдын 12-майында Пишпек Фрунзе шаары болуп өзгөргөн, ал эми 1991-жылдын 5-февралынан Фрунзе Бишкек болуп келатат. Бишкекте кимдер мэр болгон:

 

Бишкек частушкалары

Борис Силаев

Бишкек  жакка мэр болуп,

Борис дядя баш ийкейт.

«Сила» барбы Силаев,

Москвага  ташый кетет.

 

Феликс Кулов                                                 

КыГыБыдан түз эле,

Кыйратам деп келипсиз.

Түрмө жакта орун бар,

Түшө койчу Феликс. 

 

Медет Керимкулов

Ким болсо да кожоюн,

Иштейт Мекең талыкпай.

Керимкулов унчукпайт,

Деңиздеги балыктай.

 

Аскар Салымбеков

Салымбеков Аскар тез,

Бишкек шааарын оңдойбу?

Кетип калса мэр болуп,

Ким башкарат «Дордойду»?

 

Арстанбек Ногоев

«Шыпыргычан» Ногоев,

Көчөлөрдү тазалаар.

Шыпырылды Арыстаке,

Чыга берип «кашалар».

 

Данияр Үсөнов

Чуркап жүрүп Үсөнов,

Эптеп мэрге жетиптир.

Андан кийин келген мэр,

«2» коюп кетиптир.

 

Нариман Түлеев

Капчыгы оор,жеңилби
Түлеевдин салмагы?

Кокуй, Бишкек борборун,

Каптап кетет калмагы.



Иса Өмүркулов

Өмүркулов Исакең,

 «Ош» базарды бишкектейт.

Коррупция тарапка,

Бара жатат Бишкек дейт.

 

Кубанычбек Кулматов

Бажы жакты “бажарган”

Атасынын баласы.

Окуучяуну жеген дейт,

Көп экен го жалаасы.

 

Албек Ибраимов

Атамбаев артынан,

Таразачы жөнөйбү?

Жери эле 44 дейт,

Анын барын төлөйбү?

 

Азиз Суракматов

Мэр болсо эле Бишкекке,

Түшөр менен жаман дейт.

Айланайын Азике,

Бишкек жактан аман кет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости