www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 31-январда Жогорку кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети БУУӨПтүн долбоору менен Швейцариянын Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын “Жарандардын активдүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоорунун көмөгү менен «Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү” темасында парламенттик угуу өтүүдө.
Иш -чарада депутат Аалы Карашев "Айыл чарба министрлиги болбосо деле айыл чарба өнүмдөрү өндүрүлө берет. Ал эми министрликтин милдети ЕАЭБ алкагындагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен, өнүмдөрү сатуунун узак мөөнөттүү каналдарын түзүү болуп эсептелет», - деди депутат Аалы Карашев.
Андан тышкары, депутат «Өндүрүлө элек, бирок өндүрүлө турган айыл чарба өнүмдөрү боюнча да экспорттук келишимдер түзүлсө, андан бетер жакшы болмок»,- деп баса белгиледи.
Белгилей кетсек, иш-чарага өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдордун, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй областары менен Бишкек шаарынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен айыл өкмөттөрүнүн жана башка өкүлдөр да чакырылган.
Булак: NazarNews.kg