www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк магистралдагы жана "Ата-түрк" парктарында ээн-эркин оттоп жүргөн  жылкылар тууралуу буга чейин жергиликтүү маалымат булактары бир нече ирет жазып чыгышкан. Бул маселе тууралуу ошол тегеректе жашаган тургундар да өз нааразычылыгын билдирген эле.

Ошол жылкылардын ээси такталып, ага айып пул салынгандыгын Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта: “Биз акыры “Ата-Түрк, “Ынтымак” парктарында “сейилдеп" жүргөн жылкылардын Т. Д. аттуу ээсин кармадык. Ага КРнын ККнин 120-беренеси менен протокол түзүлүп, 3 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынды. Азырынча жылыкылар биздин колдо, аларды ээси айып пулун төлөгөндө гана алып кетет”,-деп айтылган.

Аны менен бирге парктарга келтирилген чыгымдар да  эсептелип жатканын да кошумчалашты.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости