www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Аламедин, Ош жана Орто-Сай үч чоң базарында ВИЧке карата адамдар өз каалоолору менен текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу “Өнөктөштүк байланыш” ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев билдирди.

Ал белгилегендей, мындай акция “СПИД” республикалык борборунун демилгеси менен жүргүзүлүптүр.

“Базарда атайын унаада, каалоочулар бекер жана анонимно шилекейин тапшырат. Ал текшерүү – 99 пайыз чын чыгат. 4 сааттын ичинде тестирлөөдөн 300 киши өтүп, бешөөнүн анализи ВИЧ болуп чыкты. Аларды “СПИД” Республикалык борборуна кайрадан тестирлөөгө чакырды.

Айбар Султангазиевдин айтымында, мындай көрсөткүч кыргызстандыктар үчүн коркунучтуу белги.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости