www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Унабомбер” почта аркылуу 16 бомба жөнөтүп, 3 кишини өлтүргөн. Математика илимдеринин доктору Тед Качинский 25 жыл токойдогу кепеде жашап, азыркы замандагы коом кантип адамзатты эркиндигинен ажыратып жаткандыгы жөнүндө трактат жазган.  Тед коомдук түзүлүшкө күчтүү сокку берди. Эгер анын бир тууган агасы болбогондо ФБР аны колго түшүрө алмак эмес.

Вундеркинд, таланттуу математик, Гарварддын бүтүрүүчүсү Тед Качинский өмүр бою ондогон кесиптештерине гана түшүнүктүү болгон  макалаларды жазып, студенттерге сабак берип жүрө берсе болмок. Анын ордуна ал 25 жыл токойдогу кепеде жашап, жөнөкөйлүүлүктү баалаган анархист-маньякка айланып, илимий-техникалык прогрессти колдогон  окумуштууларга бомба жөнөтүп, Унабомбер катары таанылган.

Унабомбердин иши

1978-жылы май айында Түндүк-Батыш университетинин профессору Б. Крист машина токтотуучу жайда калтырылган  өз жөнөтүмүн (посылка) алган. Крист эч кандай жөнөтүм жибербесе да, жөнөтүүчү деген сапка Крист деп жазылган эле. Шек санаган профессор полиция кызматкерин ачып көрүшүн суранган. Жөнөтүм жарылды.

Бактыга жараша, полиция кызматкери күйүк жана бир аз жаракат алган. Бир жылдан кийин ошол эле университеттин аспиранты дагы дал ошондой жөнөтүмдү алган. Бир канча айдан кийин Вашингтон каттамындагы Boeing 727 учагынан да бомба табылган. Эгерде ал бомба иштеп кеткенде учак кулап түшмөк. Табылган бул кутулардын баарында FC (Freedom Club) деген жазуу табылган. Демек, бомбаларды бир эле кылмышкер жөнөтүп жаткандыгы билинип, ФБР артынан түшкөн.

Белгисиз бомбист Унабомбер ( University and airlines bomber) лакабын алган. Бул ишке ФБРдин 125 агенти тартылып, 1996-жылга чейин кармоого умтулушкан. Ошол убактагы өтө коркунучтуу деп аталган бул кылмышкерге АКШ өкмөтү 1 млн доллар убада кылып, Бюронун тарыхындагы эң кымбат кылмышкер болуп катталган. 1995-жылга чейин Унабомбер 16 бомба  жиберген. Бомбалардан үчөө каза таап, 23 киши жаракат алып, алтоосу майып болуп калды. Бомбалар ар кандай таштандылардан жасалгандыктан, кылмышкерди тергөөчүлөр “таштандыдагы террорист” деп атап алышкан. Бирок, бомбалардын жарылуу күчү  күндөн күнгө өскөн. 1995-жылга чейин бул кылмышкер эч кандай талап койбогондуктан, ФБР  анын максатын түшүнгөн эмес.

Унабомбер көрсө, өтө сабырдуу экен. Жылдар бою ал өзүнө  Америкалыктардын  көңүлүн бурдура алган. 1995-жылы The New York Times гезитине кайрылып, эгер ушул гезит же The Washington Post анын “Коомдук өндүрүш жана анын келечеги” аттуу (аны элдер “Унабомбердин Манифести” деп атап алышкан) трактатын жарыяласа жардырууларды токтото тургандыгын билдирген. Жардыруучунун талабы ишке ашырылып, ФБР макулдук берүүгө аргасыз болгон. Жарыяланган манифестти бир нече айдан кийин анархист Теддин агасы Дэвид Качинский окуп калып, ФБРге кабарлаган. 1996-жылы Тед Качинский кармалып, кепесинен жөнөтүүгө даяр турган колдо жасалган бомбаны, пистолетти, кол жазма түрүндөгү “Манифестти” табышкан.

Тед көптөгөн жылдар бою агасы Дэвидге кепеден кат жазып турган. Кээ бир учурда Дэвиддин аялы кат ээсинин акыл-эси ордунда эмес экендигине шектенип, атайын кызматка кайрылган. Адистер анын шектенүүлөрүн орундуулугун тастыкташкан. Дэвид аны кармап берген агасы экендигин эч кимге айтпоо шарты менен ФБРге кабар бергенине карабай, эртеси бул кабар коомчулукка чыгып кеткен.

Адистер “Манифесттин” ээси Качинский экендигин билүү үчүн анын грамматикасын, орфографиясын, синтаксисин, фразеологиясын изилдеп чыгышкан. 

1996-жылы Унабомберди адам өлтүрүгөндүгү, мыйзамсыз курал-жарак даярдап, колдонгондугу үчүн кармашкан. Качинский мамлекеттик эксперттерге анын акыл-эси ордунда экендигин текшерүүсүнө каршылык көрсөткөн. Көз карандысыз психиатрлардын текшерүүсүнө анын акыл-эси соо деген жыйынтык чыгарат деген ишеним менен макул болгон. Эксперттер бир добуштан Качинскийди “параноидалдык шизофрения” деген жыйынтыкка токтолушкан.

Психологиялык оору аны өлүмдүн куткаруучу бир эле жол экендигине карабай Качинский өзүн акыл-эсим жайында дегенден тажабайт. Адвокаттары да аны жинди деп табышкан.  Качинский адвокаттардан баш тартып, башка адвокат берүүсүн же өзүн-өзү коргоо мүмкүнчүлүгүн талап кылган жана дарыланууга каршы болгон. Сот талабын канааттандырбагандыгы үчүн камалган камерасында өзүн-өзү асынып алганга аракет кылган.

«Адам технологияны же технология адамды жеңет”

Унабомбер - өзгөчө террорист. Польшалык эмигранттардын үй-бүлөсүндө 1942-жылы туулган вундеркинд-Тед Качинский 15 жашында мектепти бүтүп, 20 жашында Гарварддын бүтүрүүчүсү болгон. Интеллекти жогорулугунун натыйжасында   математика доктору болуп, Беркли университетинин эң жаш окутуучусу аталган. Анын мындай мүнөзүнө кесиптештери суктануу жана күйүгүү менен карашкан. 

1971-жылга чейин Тед окутуучулук кылып, ошол жылы токойдогу 3кө 4 метр аянтындагы кепеде электр жарыгысыз, суу түтүгүсүз жашаган. Ал майда-чүйдө аңчылык менен жан багып, отко жылынып өмүр кечирген. Ата-энеси кээде акчалай жардам берип турушкан. Качинский саясий философияга кызыгып, жаратылыш менен бирдиктүүлүккө умтулуп, өнөр-жайдын кысымынан алыстагысы келген.

1978-жылы кепеден алыс эмес жерде жапайы жаратылыш койнунда жаңы салынып жаткан жолду көргөн. Буга ызаланган дербиш Тед өч алууну, коомчулуктун көңүлүн бурдурууну чечкен. Мына ошондой максат менен Унабомбер ысымына конгон.

Ал курмандыктарын кылдаттык менен тандаган

Курмандыктар “эркиндикти чектеген”, техникалык прогрессти колдогон адамдар болгон. Мисалы, 1985-жылы компьютердик дүкөндүн ээсин жардыруу менен өлтүрсө, 1993-жылы информатиканын профессору Йелди жаракаттаган. Нефттик компаниянын кызматкеринин, ири өлчөмдөгү токой чарбасынын ишкерин да өлтүргөн.

«Манифест» — антициентисттин, неолуддиттин жана экотеррористтин, анархисттин – Унабомбердин жыйнагы. Ал чагылдырган ойлор буга чейин башка ойчулдар тарабынан айтылып келинген, бирок, Унабомбер бул маселеге дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурдура алды.

Анын көз карашынан тезис:

1.        Адамзат үчүн “ Өнөр-жай революциясы жана анын кесепеттери”.

Алар (өндүрүш жана технология) миллиондогон жылдарга созулган, адамдар түр болуп калыптанган кезден бери жашап келген табийгатты бузат. 

2. Коомдук өнөр-жай жана технология адамзатты жалган, жасалма муктаждыктарга, максаттарга кептелтип, адамзаттын эркиндигин чектеп, стресске, депрессияга алып келет. Азыркы оорулар адамзаттын тарыхында болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. Буга-өндүрүш жана технология себеп.

3. Өнөр-жай жана технология адамзатты табигый баалуулуктардан ажыратып, (тамак табуу, сүйүү, жылуулук жана достук маек), коом аны “баңги зат”, өнөр-жайдын оюн-зооктору, теле көрсөтүүлөр, ашыкча секс, зордук-зомбулук менен азыктандырат.

4. Коом өз баалуулуктарын балдарына таңуулап, технологиялык түзүлүштүн биологиялык бурамасына айлантып, технологиялык кулчулукка жеткирет. 

5. Өнөр-жай-технологиялык система эркиндикти чектеп, жаратылышты жана көп түрдүүлүктү талкалоо аркылуу гана өнүгөт. Жаратылыштан алыстатып, калктын жыштуулугу агрессияны жаратат. Ошондуктан, адам технологияны же технология адамзатты жеңет.

6. Өндүрүштүк -технологиялык коом эркиндикти чектейт. Ар бир кадам ийгиликсиз аяктайт. Ошон үчүн революция зарыл.

7. Революцияга (өндүрүштүк-технологиялык системасынын талкаланышы) күч колдонуу аркылуу жетүү мүмкүн.

Ошондой эле, Качинский левактарды жана адамзатты саясий топторго, рассага, жынысына карата бөлүнгөндөрдү кескин сындап, техникалык системаны адамдардын максатын, убактысын, оюн уурдоодо айыптаган.

Тед өзүн айыптаган бардык пункттар боюнча күнөөсүн мойнуна алып, 8 жолу өмүрүнүн аягына чейин кесилди.  Тед Качинский бүгүнкү күндө да Колародо штатында максималдуу коопсуздуктагы түрмөдө кармалууда. Азыркы күндө да макала, трактат жазып, аларды жарыялоо менен коомду сындап келет.

Айрым активисттер анын бошотулушуна да аракет кылышып, Унабомберди каарман катары да көрүшөт. Ал тургай аны президенттикке да көрсөтүп, “президенттер түрмөдө отурганга болбойт” деп келишет.

Тед Качинскийдин агасы Дэвид Качинский убада кылынган бир миллион долларды алып, сумманы инисинин курмандыктарына иштеткен. Ал эми Унабомбер жеңеси Линда болбогондо аны агасы Дэвид ФБРге кармап бермек эместигин айтат. Убакыт өткөн сайын АКШ жана айрым өлкөлөрдө Унабомберди туурагандар жөнүндө маалымат түшүп турат.

2017-жылы Discovery  Channel каналы «Manhunt: Unabomber» (“Унабомберге аңчылык кылуу”) аттуу сериал тартышкан. Сериалда тарыхый окуялар, Унабомбердин позициясы чагылдырылган.  Теодор журналистке жазган катында:” Discovery Channel каналынын мен жөнүндө тарткан сериалын көргөн эмесмин. Бирок, мага кат жазгандардын айтымына караганда, мен жөнүндө тартылыптыр. Ал жөн гана ойдон чыгарылган сериал”, - деп билдирген.

Эмне үчүн УНАБОМБЕР адамдарды өлтүргөнгө болот деп эсептейт?

Унабомбер жогоруда саналган адамдарды өлтүргөндүгүн айтып өттүк. Унабомбер илимди, адабиятты, спортту, искусствону, гольф, бодибилдингди карьералык өсүүнү, материалдык баалуулуктарды, маркаларлы чогултууну “жасалма ишкердүүлүк” деп атап, аларды четке кагат. Ушундай жасалма жашагандыктан, адепсиздикке, баңги затка жана депрессияга кабылышат. Адам баласы коомго, мамлекетке, корпорацияларга көз каранды болуп, ошону менен бирге үй-бүлө, айылдар, уруулар жок болууда деп эсептейт.

Жогорудагылардын башкы себепчиси катары технологияны, технологиялык прогрессти күнөөлөйт. Кинону, көңүл ачуучу каражаттарды, баңги затты жана видео көзөмөлдөрдү сөгөт.

Унабомбер мамлекеттен, корпорациядан, өндүрүштөн муктаж болбогон жөнөкөй адамдарды мактайт. Психотерепия- бул жардам эмес, адамды бир системадагы ой жүгүртүүгө жана өзүн алып жүрүүгө мажбур кылган система деп аны жерийт. Унабомбер  окумуштуу-технологдорду жамандыкты таратуучулар деп эсептеп, адамзат кайрадан дыйканчылык, малчылык, балыкчылык  кылып табигый жашашы керектигин айтат.

“Адамдарды эмне үчүн өлтүрүүгө болот?”-, деген суроого Качинский “Коомдо адамдардын көңүлүн бурдурган маселелер ушунчалык көп. Анын экстраординардуу жолу-адамдарды өлтүрүү”-, дейт.

Бир эле убакытта логикалык жана порадокстук  ой жүгүртүп, Унабомбер максатына жетүү үчүн көптөгөн наристелер керектигин, алар ата-энесинин гени аркылуу революцияга ыктаган болушу зарылдыгын айтат.  Калган планды “ошол убактагы кырдаалга карап” чечилишин билдирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости