www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жаңы сейил бак курула баштады

Бишкектин Түштүк дарбазасында жаңы сейил бак ачылат, учурда курулуш  иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, паркка 900 бактын көчөтү отургузулуп, гүл бакчалар пайда болот. Курулуш иштерин "Ак Ниет Курулуш" компаниясы аткарып, шаардык бюджеттен 74,7 миллион сом бөлүнөт. Жаңы парк Түштүк дарбазадагы Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын маңдайында жайгашат.

"Электр кабелдерин орнотуу үчүн казуу иштери башталды. Кире беришине фундамент куюуга камынып жатабыз. Сейил бактын аянты 10 гектардан ашат. Келечекте ал жакка 1916-жылдагы каргашалуу окуяда каза болгондордун элесине арналган стела орнотуу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.

Аталган   компания курулуш жана көрктөндүрүү иштерин келерки жылдын аягына чейин бүткөрүүгө убуда берди. Бишкек мэриясы парктык аймактардын өсүүсү — борбор шаардагы абаны жакшыртуу үчүн системалык иш-чаралардын бөлүгү экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, жакында эле Бишкекте Манас жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги келечек сейил багы түптөлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости