www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов түшкү саат 14:00дө УКМКга суракка кирип кеткен бойдон чыга элек, учурда ал аталган ведомствонун имаратынын ичинде. Бул тууралуу маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынын ырастоосуна таянып, бир нече сайттар жазышууда.

Айрым маалымат каражаттары Төрөкуловду буга чейин уюшкан кылмыштуу топко байланыштырып, ал түгүл анын анда «Душка» каймана ысымы бар экенин да жазышкан. УКМКнын тараткан маалыматы боюнча, «Душка» - Дүйшөн Төрөкулов Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөө жүргүзгөн журналистти коркутуу боюнча суралып жатат.

Белгилей кетсек, ошол эле иликтөөнүн арты менен – президенттин ант берүү аземин уюштурууга жооптуу - президенттин мурунку аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов, азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, о.э. президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын учурдагы жетекчиси Турдиназир Бекбоев, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов, экс-депутат ширин Айтматова, аталган иликтөөнүн автору Али Токтакунов чакырылганын УКМКга суракка чакырылганын бүгүн, 2-декабрда аталган ведомствонун басма сөз кызматы маалымат тараткан.

Али Токтакунов четте жүргөндүктөн видеобайланыш аркылуу суроолорго жооп берүүгө даяр экенин «Азаттык» аркылуу билдирген.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын бажы тармагындагы контрабанда жана коррупция тууралуу журналисттик иликтөө коомчулукта чоң резонанс жараткан. Иликтөөдө Саймаитини Кыргызстанда белгисиз адамдар бир нече ирет коркуткандыктан, ал Түркияга чыгып кетүүгө аргасыз болгону да айтылат. Кийин, ушул жылдын 10-ноябрында аны ал жактан атып кетишкен.

Бул иш боюнча 29-ноябда Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов да 6 саатка жакын УКМКга сурак берип чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости