www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерине карата өкүм чыгарды. Ал Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин мурунку директору Юристанбек Шыгаевден 350 миң сом талап кылганы соттун токтомунда айтылат.

Соттун токтомуна ылайык, ушул жылдын 15-майында УКМКнын кызматкери А.Н. Юристанбек Шыгаев менен жолугушкан. Ю.Шыгаев ал учурда аталган музейдин директору болчу. А.Н. музейден болжол менен 1 млн сомго бааланган сүрөттүн уурдалышы боюнча кылмыш иш козголгонун айтып, Шыгаевди коркутуп баштаган. Ал эми сүрөт музейден 2013-жылы уурдалган.

А.Н. ишти оң тарапка чечүү үчүн Шыгаевден 20 миң доллар талап кылган. Ал эми музейдин директору анда мындай суммадагы акча жок экенин, айлык акысы болгону 18 миң сом экенин айткан. Андан кийин А.Н. акчанын суммасын 5000 долларга (350 миң сом) түшүргөн. 

Сот отурумунун жүрүшүндө айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Ал кызматын кыянаттык менен пайдаланбаганын билдирди. Анын айтымында, 2019-жылы февраль айында тууганынан акча карыз алган. Ал Шыгаевде көйгөй болуп жатканын угуп, бул абалдан пайдаланып калууну чечкен. Кызматкер Шыгаевден акча алып, карызын кайтарып берүүнү көздөгөн. Ал 17-майда 50 миң сом алган.

Айыпталуучунун күнөөсү далилденип, бирок сот өкүмдү жеңилдетти. Ал буга чейин соттолбогону, биринчи жолу кылмыш жасаганы, жашы жете элек 2 баланын атасы болгону жана чыгымды төлөп берип, жабырлануучу тарап менен элдешкени эске алынып, А.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалуу беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 1 жылга пробациялык көзөмөл менен бошотулду. Ошондой эле ага 50 миң сом айып салынды.


 

Последние новости