www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз сүйгөн кока-кола жөнүндө фактылар

Америкалык полицейлер коланы авто авариялардан кийин асфальттагы канды жууп тазалоо үчүн колдонушат. Бул тууралуу маалыматтар ачык булактардан алынды.

Тарелкага бир үзүм эт салып, үстүнө газы буркураган коланы куюп койсоңуз эки сааттан кийин эт толугу менен эрип кетет. Унитазды таптаза кылып тазалагыңыз келеби? Анда бир бөтөлкө коланы куюп бир саат капкагын жаап койсоңуз, из калбай тазаланып калат.

Машиналардын дат баскан бамперин Кока-Кола менен сууланган фольга менен тазаласаңыз мизилдеп таза болуп калат. Дат басып буралбай калган болтторго кола менен сууланган чүпүрөктү жаап 15 минут коюп койсоңуз оңой эле буралып калат. Металдардын үстүндөгү кетпеген даттарды кола менен бат эле тазалап койсок болот.

Кока-коланы универсалдуу так кетиргич каражат катары дагы колдоно алабыз. Коланы булганып, тагы кетпеген кийимге куюп, жарым сааттан кийин кир жуугучка жууп салсаңыз тактын изи дагы калбайт. Кока-Кола металды жеп жиберет. Андыктан кола суусундугун атайын идиштер менен ташыйт. 2/4 Коланын жардамы менен катып калган тырмакты жумшартып алсак болот, себеби анын курамында ортофосфор кислотасы бар.

Coca Cola машинанын маторлорун жуушат. Кока-Коланын адамдын организмине тийгизген таасири Кока-Коланы ичкенден 10 мүнөттөн кийин адамдын организми 10 кашык шекерди кабыл алат. Бул чоң адамдын бир суткалык дозасы катары эсептелет.

30 мүнөттөн соң адамдын канында инсулиндин деңгээли жогорулайт. 40 мүнөттөн кийин адам өзүн жакшы сезе баштайт, анткени коладагы кофеин адамдын организминде “иштей” баштайт, адамдын уйкусу качат. Андан 5 мүнөт өткөндөн соң адамдын мээсинен дофамин гормону бөлүнүп чыгат. Бул гормон адамга баңгизаты сыяктуу эле таасир берет.

Бир сааттан кийин адамдын метаболизми тездеп, кандагы кальций заара менен бөлүнүп чыга баштайт. Ошон үчүн Коланы көп ичкен адамдардын сөөгү борпоң болуп калат. Кока-Кола ичкен адам 1,5-2 сааттан кийин алсызданып, кыжыры кайнай баштайт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости