www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кезинде 5 миллион сом кредит алып, вице-премьер министр кезинде төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү жок адамдай кечтирип жибергени коомчулуктун кызуу талкуусуна алынып жатат.
Бир карасаң күлкүң келет экен. Вице-премьер-министрлер карызын төлөй албай тымызын кечтирип жиберсе, банктар неге карапайым адамдардын үйүн да, акыркы уйун да тартып алышат.
Же Кыргызстандагы банктар байды ого бетер байытып, жардыны ого бетер жарды кыла турган программанын алкагында иштешеби? Банк сферасында иштегендердин оюу боюнча, Толкунбек Абдыгулов эч кандай мыйзам бузбаптыр. Кечтирип жиберген кредити да мыйзамдуу имиш.
Анткени, банкта бир канча жыл иштеп, алган кредитиңди кечтирип жиберсең болот деген байкатпай байый турган жолдор бар экен.
Ошон үчүн банкирлер бай, карапайым адамдар жарды экен да.
Булак: NazarNews.kg