www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкери, милициянын ага лейтенанты — 27 жаштагы Перизат Сатыгул кызы 6 жылдан бери өзүнүн сүйүктүү кесиби менен алектенип келет.

«Ата-энелерге, жаш өспүрүмдөргө жардам берген учурларым көп. Эсимде калганы, 2016-жылы жай мезгилинде турак жайларды текшерип калдым. Ошондо бир үйдөн 7, 5, 3 жаштагы балдар үч күндөн бери кароосуз калганын көрдүм. Алардын атасы жок болчу. Апасы болсо ичип кетип калган экен. Ошол балдарды көрсөӊүз, чындап ыйламаксыз. Ачка, кебетелери келишкен, жүдөп, мусапыр болуп калышкан. Аларды көрүп алып зээним кейип кетти. Эмнеге балдарды ушунча кор кылабыз деп, адамдарга кайрылгым келди. Алардын иш документтерин топтоп, социалдык кызматкерлер менен бирге балдар үйүнө өткөрүп бергем.

Албетте, милициянын жашоосу деле эл катары. Биздин да үйдө бүтпөгөн көйгөйлөрүбүз бар. Кээде бир нерсеге акчаӊ жетпейт. Кыйналган учурлар болот. Бирок, мен сабырдуулук менен ал күн да өтөт деп келем» - деди ал.

Перизат Сатыгул кызы бала кезинен калыстыкты, адилеттүүлүктү жактырып, милиция кызматкери болууну тандап самап келген.

«Милиция кызматкери болууну бала кезден кыялданчумун. Ошондой эле, кичинекей кезимде эле калыстыкты, адилеттүлүктү жактырчумун. Бул кыялымды ата-энем да колдоп, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Жапар Шабиров атындагы республикалык окуу борборуна өткөм. 2012-жылы аны артыкчылык менен аяктап, ошол эле жылы Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн Маевка аймактык милиция бөлүмчөсүндө жаш өспүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү болуп эмгек жолумду баштадым. 2013-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академиясынын сырттан окуу бөлүмүндө окуп, аны 2017-жылы аяктагам.

Албетте, милициянын жумушу оор. Ар бир ишибиздин артында опол-тоодой жоопкерчилик бар. Аялзаты катары үйдүн да түйшүгү мойнумда. Эки балам бар. Бош убактымды көбүнчө уулдарым менен өткөрөм. Эртеӊ менен эрте туруп, балдарымды кийинтип, жуунтуп, курсактарын тойгузуп, бала бакчага алып барам. Андан кийин жумушка келем. Ошону менен кечки саат 17:00гө чейин кызматта болуп, андан кийин балдарымды бала бакчадан алып үйгө кетем. Үйгө келип, аларды сиӊдиме таштап кайра кызматыма жөнөйм. Кээде уулдарымды таштай турганга мүмкүнчүлүк болбой калганда алар менин жанымда жумушта болушат. Менин бир күнүм ушундай өтөт», - деди ал.

Перизат Сатыгул кызы 1991-жылдын 11-сентябрында Ат-Башы районунун Баш-Кайыӊды айылында төрөлгөн.

«Атам дыйканчылык менен алектенсе, апам үй кожойкеси. 3 бир туугандын улуусумун.
Тамак тандабай жейм. Апамдын бардык жасаган тамактарын жакшы көрөм. Тасма көргөнгө убактым деле болбойт. Кээде убактым болгондо сүйүү жөнүндө тасмаларды көрөм. Хоббим — таза абада ойлонуп басып жүргөндү жакшы көрөм.

2012-жылы турмушка чыккам. 2017-жылдан бери эки балам менен өзүнчө жашайм. Турмуш экен. Жолдошум экөөбүз эки башка жолго түшкөнбүз. Ал мурда жумушума түшүнүү менен карачу.

Айдын, Айбарали аттуу балдарым бар. Экөөнү көрүп бардык түйшүктү унутуп коем. Менин жашоомдун маӊызы деп айтсам жаӊылышпайм», - деди ал.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости