www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

59 наристе ууланган бала бакча жабылды

59 наристе ууланган Ташкент облусунун Бекабад районундагы бала бакча убактылуу жабылды. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыгышкан.

Өлкөнүн Мектепке чейинки билим берүү министрлиги кабарлагандай, 9-10-ноябрь күндөрү бул бала бакчада ууланган 62 наристе райондук ооруканага жаткырылган.

Мекемеден билдиришкендей, текшерүү маалында бакчадагы муздаткычтын иштебегендиги аныкталган. Мындан тышкары анда жер-жемиштерди тазалоо жана даярдоо үчүн атайын өзүнчө бир бөлмө болгон эмес.

«Эпидемиологиялык чараларды көзөмөлдөө жана жергиликтүү адистерге жардам көрсөтүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги инфекцинисттер менен эпидемиологдордун тобун жөнөттү», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Маалымат каражатынын билдирүүсүнө ылайык, 7 баланын абалы жеңил, калгандарыныкы орто деп бааланууда. Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, 10-ноябрда 20 бала ооруканадан чыгарылган.

Жергиликтүү прокуратура «Санитардык мыйзамдарды же эпидемияга каршы күрөшүү эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери уланууда деп жазат Борбордук Азия жаңылыктары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости