www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гүлкыз бир туугандары менен кечинде апасы салып берген, жыпжылуу мамыктай төшөктөрдө катар тизилишип, эч нерседен бейкапар көөшүлүп уктап жатышканда, таңга жуук, жуурканынын үстүн тартмалап, отузга чамалап калган атасынын иниси таттуу уйкуларын бузду...

- "Тургула! Апаңар өлүп калды!" Гүлкыз уйку соонун ортосунда чоочуп ойгонуп, бирок маани бербей, жылуу төшөгүнөн тургусу келбеди... Сыртта жаңы гана күндүн илеби, кечээки абаны тазартып, таң атпай эч ким дем албаган салкын абаны таркатып койгондой, дем алсаң оозу, мурдуңдан кирген аба көмөкөйүңө жыра кирип, ал эми ошол таза аба менен бирге күн эне жерге жарыгын чача баштаган эле... Бир туугандары дагы төшөктөрүнөн дароо тура коюшпады... Элеңдешип, бири-бирин уйкулуу көздөрү менен карашып, түшүнбөгөндөй түр менен төшөктөн жылып чекесинен акырын кийине башташты. Гүлкыздын эң улуу агасы 3-класс, андан кийинки агасы 1-класс Гүлкыз өзү беш жашта, кийинки иниси 3 жаш, эң кичүү иниси 1жарым жашта эле...

"Өлүм" эмне экенине али дарамети жете элек секелектер эмне кылышсын... Селейишет... Гүлкыз ага-инилери менен бирге кичинекей мотурайган томолок колдорунун эби менен түндө, жаздыгынын баш жагына чечинип койгон кийимдерин ирети менен кыбырап кийинип алып, сыртка чыкты. Эмнегедир бирөө көргөзгөндөй түз эле, сыртта салынган жер төлөөсү бар кампага кирди... Апасы кара кармоочун кийип, жоолугу салынган бойдон, жер төлөөнүн жанында эч нерсе төшөлбөгөн топуракта чачтарынын чети жоолуктан бир аз чыгып, апакай сулуу жүзү соолуп, сулап жатат. Мойнунда асынган жиби дагы бар. Гүлкыз апасынын жанына жетпей, бир дем менен , тиктеп туруп калды. Бул маалда сырттан опур-топур үндөр чыгып, адамдар кирип келишти. Гүлкыз дагы деле түшүнбөйт. Гүлкызды колунан кармап кошуна киши сыртка чыгарып койду. Элдер уу-дуу болушуп, боз үй тигилип, казан асылып, жаңы бышкан боорсоктун жыты чыга баштады. Бул көрүнүш беш ай мурда, атасы өлгөндө тааныш болгон. Ошол кездеги кленка дасторкондон чыккан тааныш жыт эмнегедир Гүлкыздын мурдунун каңылжаарын жарып өттү...Бул жыт сезимине эмгегедир жагымсыз... Кичинекей жүрөгү түпөйүл... Ордунда турган жеринен бакырып ыйлап жиберди..

Чоң атасы "чыгарба үнүңдү, басыл!"-деди каарданганган үнү бийик чыгып...
Бул мезгилде чоң атасы жана атасынын бир туугандарынын ортосунда пикир келишпестик башталып, бири-бирин жактырбагандай, алардын Гүлкызга болгон жагымсыз көз караштары, мамилелерин байкап, үнүн акырын басып, ыйлагандан коркуп баарын көкүрөгүнө катты. Себеби жалгыз кызынын көзүн карап, беш жашка чыкканча артынан түшүрбөй жонуна миңгизип, "жалгыз кызы он кызга тете болоорун" -айтып, мээримин төгүп канатына калкалаган атасы жанында жок экенин, мындай маалда балдарына тирек болуп, балдары үчүн карааны эле бүткүл аалам болуп көрүнгөн апасын дагы жоготуп койгонун, болушаар жакын адамдарынан биротоло ажырап калганын билгендей, демейде сөз айтып, айта электе эле үнүнүн баарынча жаагын баспай, бакырып эркелеп ыйлаган адатын кайталабай, жаман-жакшыны ажырата элек Гүлкыз биринчи жолу ага болгон улуулардын чанагынан чыга зөөкүрлөнө тиктей карашкан көз караштары балалык сезимин бүлүнтүп, жүрөгүн тилип өттү...

Ушул күндөгүдөй, көкүрөгүндөгүнү эч кимге билгизбей катканды, өмүр бою көкүрөгүнө катып калаарын кайдан билсин... Жамандык эмне экенин билбесе дагы, жан дүйнөсүндө боштук... Атасы өлгөндө, атасынын келбес жайга кеткенине акылы жетпесе дагы, жагымсыз нерсе болуп жатканын кенедей жүрөгү сезип турду. Кошуна колоң менен ээрчий келишкен, кичинекей балдар эч нерседен капарсыз, Гүлкыздын эркек бир туугандары дагы алар менен бирге ортодо ойноп жүрүштү. Гүлкыз апасынын боз үйдүн бир четинде жатканын байкап калган. Ойноп жүргөн балдардан акырын бөлүнүп, боз үйдүн астына киргендей тал чыбык таап алып, боз үйдүн жанын акмалап, киши жок мезгилде чуркап барып, баягы тал чыбыкты апасы жаткан жерге киргизди. Апасы тынч... "Апа" деп акырын шыбырады... Апасы дагы деле тынч...

Адамдар келе жатса, тал чыбыгын алып, качып жөнөйт. Апасы жаткан тарапта эч ким жок кезде кайра барып, апасы жаткан жерге ичке чыбыгын киргизип, чукулап, апасын ойготкусу келет...

"Эс кайран эжекем оой" -деген, ый аралаш өкүрүктөр Гүлкыздын жандүйнөсүн чоочутуп, жанын жай алдырбайт...

Апасы ордунан турбаганына, апалаган үнүн укпаганына ичинен сыздады, капаланды... Бакырып ыйлагандан коркуп, бир заматта тартынганды дагы үйрөнүп, үнүн чыгарбай акырын ыйлаганды үйрөндү.

Чоң атасы болгону менен чоң энесинин дагы көзү эбак өткөн...Апасын жайга берээрде маңдайындагы жаркыраган алтын тиштерин бүтүн сууруп алышып, кепиндешип анан жайга беришти. Апасы 32 жашка жаңы эле чыккан. Атасы 34 жашта эле. Улуу таежеси: "бул балдарды алып кетпесек, булардан дагы айрылабыз"-деп, безилдеп жатты. Көр дүйнөнүн түбүнө жетчүдөй, томолой калган жетим балдардын кийимдерин, майда барат ийдиш, буюмдарды талашкандары дагы көзгө урунбай койгон жок.

Гүлкыздын атасы бир туугандарынын эң улуусу болчу. Убагында сыртта алыс жол каттамдарда айдоочу болуп эмгектенип жүрүп, кичирээк үйүн бүтүрүп, андан соң эшигинин алдында жер тилкеси кенен болгондуктан 5-6 бөлмөнүн чоң фундаментин жаңы куюп бүткөн. Үйгө даярдалган материалын, мыгына чейин даярдап, маңдайга үйүп коет.

Гүлкыздын апасы математика сабагынан берген мугалим. Гүлкыздын атасы табышкер болгондуктан, апасынын тишинен баштап, каалаган алтын сөйкө, шакектерине чейин белек кылган. Кыскасы жаш болушса дагы эч нерседен кем-карчы жок, өз заманындагы бардар адамдардын катарын толукташкан үй-бүлө эле.

Автоунаа алам деп, чогултуп койгон акчасын бир тууган инилери билишип, сурап калышат. Атасы ал акчага автоунаа сатып алаарын айтып бербей койгондо бир туугандардын ортоосунда жаңжаал чыгат. Ошентип бир туугандарынын таягын жеп, атасынын үч кабыргасы сынып, үч күн бөтөлкө үйлөп кабыргасын калыбына келтиргенге аркеттенет.

Үч күндөн кийин, узун жолго ишине чыкчу каргашалуу күн эле... Ушул күнү жолдо жүк ташыган чоң автоунаа менен кетип бара жатканда, "окшошконго мушташкан" болуп, артынан келе жаткан чоң автоунаа сүзүп, баягы сынган кабыргалары тартылышып, рулга ээ боло албай, автоунаасы жолдун четиндеги аңга кулап, автокырсыкка учурап, көз жумат.

Атасынын бир тууган иниси Дакан анын акчасына гана эмес, бир тууган жеңесинин узун бойлуу, жамбашынан ылдый түшкөн, кара узун чачтары, апакай жүзү делебесин козгоп, сулуулугуна көз артып жүргөн. Анысын жашыра албай, агасы жокто жеңесинен тамаша-чыңга аралаштыра тийише коюп, дагы жүрчү. Мына эми агасынан биротоло ажырап жаны жай ала түштү.

Гүлкыздын атасын жайына бергенден кийин, апасы эң улуу эжеси менен ачылып сүйлөшөт. Болгон окуяны айтканда, эжеси сөөктү кайра каздыраарын айтат.

Бул пландары Гүлкыздын чоң атасына жетип, каршы болуп, сөөгүн каздырбай коет. Беш баласынын экинчисин, кызына жеңилдик болсун деп, алып кетип багып калчу. Бул сапар "балдары бирге өссүн" деп, экинчи баласын дагы колуна тапшырды.

Ошентип апасы беш баласы менен күн кечире баштайт. Апасы өтө таза, тыкан, көп сүйлөбөгөн түнт, бирок аялга тиешелүү баардык кол өнөрчүлүктү билген, уз аял.

Сайма туш кийиз, токулма кийимдердин түрлөрү колунан өтүп, аны көргөн аял кишилер суктанбай койчу эмес. Тамакты дагы даамын чыгара жасачу.

Кеч кирип, кечке оюндан бошобой апасы жасаган кыпкызыл, колго кесилген кесме салынган суюк тамак менен жаңы жабылган ысык нанга курсактары тойгон балдар чарчашып, уйкулары келишет.

Бирок атасы өлгөн күндөн баштап бул үйдүн дагы тынчтыгы жоголду.

Кеч кирген маалда апасы дароо эшигин бекитет. Көп узабай сырттан эшигин түшүрүп жиберчүдөй күч менен тарсылдата каккылаган үн....

Кеч киргенде балдар дагы элеңдеп коркушчу болду.

Автор: Айнура Мамытова

Последние новости