www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анда 1983-жылдын жай айлары эле. Жайында жайлоо деп айыл элдери малга жайыт издейт эмеспи. Дал ошондой жайлоо маалында биз дагы жыл сайын өзүбүздүн малыбыз менен жайлоого чыкчубуз.
Биз жайлаган жерди «Жүлгүүр» деп аташат. Быйыл жайлоого эрте, андан да жылда өзүбүз барчу «Ак-Чечек» конушуна барбастан «Ашуу-Айрык» деген жерге бардык. Конушубуз кооз экен. Бирок эмнегедир күндүзү деле сүрдүү көрүнүп турат экен. Палатка менен боз үйгө орун издеп акыры эки долононун түбүн тандадык. Бир жагынан көлөкөлүү десек, экинчи жагынан булакка жакын экен. Андан калса эшик алдында дал келген сөрүгө окшош төрт чарчы тегиз таш бар экен. Өңү да тим эле боёп койгондой кыпкызыл болуп негедир адамды өзүнө тартып турат.
Атам менен апам бизди жайгаштырып коюп эле кетип калышты. Мен эки бөбөгүм жана менден улуу агам болуп төртөөбүз калдык. Мурда кеч киргенде беймарал жүрө берчү болсом, эми кеч киргенде коркуп үйдөн чыга албас болуп калдым.
Эмнегедир караңгыда сыртка чыксам эле бирөө келип этектен кармап калчудай болот. Түн ортосу болгон кезде короодо онтогон үндөр, күңгүрөнүп сүйлөнгөн адамдардын үнү угула берчү болду. Адегенде кошунабыздан көрүп ишенбедим. Бул эми аз келгенсип, мал убактысы болгон кезде булактын аркы өйүзүнөн алоолоп күйгөн от көрүнчү болду. Биринчи көргөнүмдө кошунанын эки баласы жагып ойногон го деп
ойлогом. Экинчи көргөндө таң калып Каным эжеден:
- Эже, балдарыңыз эмнеге эле тиги жерге от жагып жатышат. Кечээ да дал ушул маалда жагып ойногон?
- Кана ботом, ал эмнелери экен каапырлар, кана, кайда?
- Тигине, аркы булактын боюнда.
- Кана ботом, эч нерсе жокко?
- Апей, тигине алоолонуп адам бою болуп күйүп атпайбы?
- Койчу ботом, капкайдагыны айтпай. От-поту жок эле турат, - деди.
Мен таң калдым, анткени ошончолук алоолонгон отту көрбөгөнү эмнеси. Мен эми чындап корко баштадым. Түнү болсо баякыл добул бакылдап катуулап угулду. Кимдир бирөөнү жемелеп чыкты. Оюмда "Ии Тыныбек тага Каным эжени урушуп жаткан го" деп ойлодум. Эртең менен Каным эже менден:
- Түндө үйүңөргө ким келди эле, кимди урушуп чыкты, - деди. Мен чочуп кеттим:
- Эже, мен силердикине бирөө келгенби деген элем.
Мен түшүнө албай турдум. Каным эже да чыны таң калганын жашыра албады. Кечинде ким болду, кайсыл жерден сүйлөдү, отту ким жакты, мына ушуларды ойлоп кечтин киргенин байкабадым. Кечке маал атам-апамдар чоң энемди алып келип таштап кетишти. Бул түн жумага оогон түн эле. От таң атканча алоолоп чыкты. Ал эми эки адамдын бакылдашканы да катуулап чыкты. Эртең менен эрте туруп түндө атамдар союп жейсиңер деп ала келген койду булак боюна аркандап койдум. Үйгө кирсем төшөк үстүндө чоң энем олтурат.
- Балам, Тыныбек дамбалчан басты эле, кайра өтпөйт го, карап койчу. Сыртка чыккым келди, - деди.
- Эне, Тыныбек агам ордунан турган жок. Анын аялы Каным эже эми турду, эч ким жок, чыга бериңиз, - дедим.
- Капырай, ботом, үйгө баш багып «ии эне, дале жатасыңбы, туш болуп калды» деп сүйлөп анан өтпөдүбү. Бир чети ойлодум балким, мен байкабай калдымбы, мүмкүн өтсө өткөндүр, - дедим. Мен ойлонгончо болбой Тыныбек салам айтып үйүнөн эми чыгып келди. Энем өзүнө өзү ишенбей кала берди. Эмнедендир кой жакка карай койсом, төрт аягы тушалып муунуп тыбырап жатканын көрүп чуркап барсак араң эле жаны калыптыр, мууздаганга араң үлгүрүп калдык.
Түн бир убак болсо да оттун али күйүп турганын байкадым. Кайра кантип уктаганымды билбейм. Кимдир бирөө түрткөндөй болду, ойгонуп кетсем палатканын эшигин делдек эттирип бирөө чыгып кетти да, сырттан сүйлөгөнү даана угулду.
- Эртең арбактардын күнү, жаталак болгон тору бээнин этин жебегиле, бүт бойдон элге берип куран окутсун деп коюп жок болду.
Аздан кийин эле палатканын капталын тепкилеген бээнин адам сыяктуу онтогону угулгансыды. Сыртка чыксак, тору бээнин жем жээр маалы болуп калыптыр. Байкуш тору эртең менен күн сайын ушинтип ойготор эле. Биз сыртка чыгаарыбыз менен эле тору бээ эшик алдындагы тегиз ташка башын таштап жатып калды. Коңшу жашаган кишилерди чогултуп торуну кайра тургузуп, аркандоого аракеттерди жасасак да болбоду. Бир убакта жаны катуу кыйналдыбы, айтор бээ жан талаша кишенеп алды да, тегиз ташка адегендегисиндей жатып алды. Тыныбек абанын көзү жеткен го, карап туруп:
- Адамдан эстүү жаныбар. Болбой калган окшобойбу. Алып кел бычакты, - деп буйра сүйлөдү.
Торунун кулуну да жетим калаарын сезгенсип жаткан жеринен энесинин эмчегин ээмп жатты. Карап тургандардын зээни кейип, аялдар менен жаш балдардын айрымдары ыйлап жиберишти. Тору бээ менин досум эле. Саан болгон убагында желеге эң алгач келип кишенеп калчу. Мен барып саардын алдында бирден кант же нан берип койчумун. Тору ыраазы болгонсуп тумшугу менен түрткүлөп адамча жыттагылап калчу. Торунун ордун көпкө жоктодум, байкуш кулунуна айрыкча кыйынга турду. Бардык кулундар эркелеп энесин эмип жатканда ал байкуш мени сагаалап калчу. Кээде аны аяп да ыйлачумун. Бир алдың белгисиз добушка нааразы болуп да жүрдум.
Торунун этин айтандай эле эртеси күнкү курбан айтка куран окутабыз деп бөлүп кетишти. Ич эттерин өзүбүз жейбиз деп атамдар алып калышты. Атам ич эттерди да таратып жибергиле, жебегиле деген менин сөзүмдү жокко чыгарышты.
Эки күндөн кийин баякы добуш дагы угулду. Өзүңөр жебе десе болбой, эми ооруп каласыңар деп кейиди. Ордумдан тура калып ыйлап жибердим, анткени атамдын ооруп калаарын эч бир каалаганым жок. Ошол бойдон от дагы, күңгүрөнүп кейинген добуш дагы жоголуп, жума күндөрү куран тилегени угулуп жүрдү. Мына ошондон толук бир ай өткөндөн кийин атам капысынан эле ооруп калды. Ошол бойдон 13 жыл төшөктө жатты. Иликтесек биз олтурган кооз конуш солдаттардын өлүгү көмүлгөн мүрзө экен. Ошол бойдон ал конушка барбай калдык. Бирок канчалык сүрдүү да, сырдуу да конуш болгону менен кандайдыр бир керемети мени өзүнө тартып турчу.
Кийинки жылдары ал конушту мен кадимкидей сагынчу да болдум. Тилекке каршы, бара албадым. Анткени атам ооруган жылдын кышында мен оорудум. Көрсө, балалык кылган экенмин. Анткени мага жолуккан адам (чоң атам) баякыл күңгүрөнүп кейинген абышка экен. Бизди коргой албай калаарына кейичү тура. Экинчи жыл дегенде Каным эже да, Тыныбек ага да капысынан оорушту да, көз жумушту. Ошол конушту жайлаган беш кошуна үйдөн баары бир катар кырсык тартып оңолушту.
Табышмактуу конуштун сырын билбей каарына калган турбайбызбы.
Марат Байбосунов, Ат-Башы району
Булак: Шамбала